Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыЕвробиримдик Сирияга салынган санкциялардын көбүн алып салууну макулдашты

Евробиримдик Сирияга салынган санкциялардын көбүн алып салууну макулдашты

Евробиримдик Сириядагы экономикалык кыйынчылыктарды жеңилдетүү үчүн өлкөгө карата коюлган санкциялардын көбүн алып салууну макулдашты. Бул тууралуу BBC маалымдайт.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кая Калластын айтымында, мындай кадам сириялыктарды жумуш менен камсыз кылып, өлкөнүн турукташуусуна өбөлгө түзөт. «Биз адамдарда иш болсун, жашоого каражат таба алышсын дейбиз,» — деди Каллас Брюсселдеги жолугушуудан кийин.

Бирок Башар Асаддын режими боюнча мурда киргизилген курал-жарак жана репрессиялык жабдууларга байланышкан тыюу күчүндө калат. AFP агенттиги белгилегендей, чечимди эми Евробиримдиктин өлкө өкүлдөрү расмий бекитиши керек.

Ошондой эле Евробиримдик Сирия Банкынын активдерин муздатуудан чыгарууга жана финансылык обочолонууну жоюуга даяр. Ошол эле маалда этностор ортосундагы жаңжалды козуткандарга каршы жаңы санкциялар топтому да даярдалууда.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар