Башкы беткеРубрикаларАймактарӨзбекстандан келе жаткан 22 тонна малдын тузу Кыргызстанга киргизилбеди

Өзбекстандан келе жаткан 22 тонна малдын тузу Кыргызстанга киргизилбеди

Ош шаарындагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы «Достук» чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайында Өзбекстандан ташылып келе жаткан 22 тонна малдын тузу бар жүк Кыргызстанга киргизилген жок.

Чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарынын сакталбагандыгы аныкталды. Тактап айтканда, жүккө тиешелүү ветеринардык коштоочу документтер белгиленген талаптарга жооп берген эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жүктү артка кайтаруу тууралуу акт түзүлүп, товар «Достук» чек ара көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайра жөнөтүлдү.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар