Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров: «Ак илбирс — эгемендигибиз менен чыдамкайлыгыбыздын символу»

Садыр Жапаров: «Ак илбирс — эгемендигибиз менен чыдамкайлыгыбыздын символу»

Бүгүн, 23-октябрь — Ак илбирстин эл аралык күнү. Бул дата 2013-жылы кыргыз тараптын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун чечими аркылуу белгилене баштаган.

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү күнгө карата ачык кайрылуу жасап, элди табиятты жана өз наркын сактоого чакырды.

«Бул демилге дал ушул кыргыз жергесинен, биздин элибиздин чын жүрөгүнөн чыгып, дүйнөгө тараганы мен үчүн өзгөчө сыймык. Ак илбирс — ак кар баскан тоолорубуздун жаны, көк мелжиген чокуларыбыздын сакчысы, эгемендигибиз менен чыдамкайлыгыбыздын жандуу символу», — деди өлкө башчысы.

Президент белгилегендей, Ак илбирстин эл аралык күнү — бул жаратылыштын көркөмдүгүнө суктануу гана эмес, адамзатты абийирге жана жоопкерчиликке чакырган глобалдык күн.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров бүгүнкү күндүн урматына 23 мүнөт убакыт бөлүп, жөө басууга, көнүгүү жасоого жана таза абада сейилдөөгө чакырды.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар