Александр Лукашенко Түндүк Кореяга расмий сапар менен барары күтүлүүдө. Бул тууралуу президентке жакын «Пул Первого» телеграм-каналы билдирди.
Маалыматка ылайык, сапар Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын чакыруусу менен ишке ашат. Жолугушуу 25–26-март күндөрүнө пландалган.
Сапардын алкагында эки өлкө башчылары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Беларусия менен Түндүк Корея ортосундагы кызматташуунун бардык багыттарын талкуулашат. Ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан тармактар аныкталып, келечектеги биргелешкен долбоорлор каралат.
Маалыматта белгиленгендей, бул визит эки өлкө ортосундагы келишимдик-укуктук базаны бекемдөөгө жана кызматташууну активдештирүүгө багытталган.
Эске салсак, 2025-жылдын сентябрь айында Лукашенко менен Ким Чен Ын сүйлөшүү жүргүзүп, анда кореялык лидер беларус президентин Түндүк Кореяга чакырган. Алар буга чейин Кытайда өткөн Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына арналган параддын алдында жолугушкан.


