Колумбиянын аскердик аба күчтөрүнө таандык Lockheed C-130 Hercules учагы кырсыктап, 66 адам каза болду. Бул тууралуу эл аралык ЖМКлар кабарлады.
Акыркы маалыматтарга ылайык, каза болгондордун 58и Улуттук армиянын, алтоо Аба-космостук күчтөрдүн, экөө Улуттук полициянын кызматкерлери болгон.
Маалыматта учакта жалпысынан 128 адам болгону айтылат. Кырсык Пуэрто-Легисамо районунда катталган.
Буга чейин курман болгондордун саны 48 деп айтылган, бирок кийинчерээк такталган маалымат боюнча ал 66 адамга жеткен.
Азырынча кырсыктын себептери расмий түрдө аныктала элек. Тиешелүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзүүдө.


