Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Иш-чарага тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана туризм тармагындагы бизнес коомчулуктун мүчөлөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев өлкөдө туризм тармагы акыркы жылдары экономикага туруктуу салым кошо баштаганын белгиледи.
«2025-жылдын алгачкы жарым жылдыгында туризмдин дүң кошумча наркы 30,18 млрд сомго жетип, ИДПнын ичиндеги үлүшү **4,3%**ды түздү. Туризм кызматтарынын экспорту — 529,5 млн доллар, импорту — 283,9 млн доллар, ал эми салыктык түшүүлөр 8,486 млрд сомго жетти», — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Ал ошондой эле өлкөдө бир катар инфраструктуралык ири долбоорлор ишке ашып жатканын белгиледи. Анын ичинде «Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа курорту курулуп жатат, ошондой эле бардык аймактардагы аэропорттор масштабдуу модернизацияланууда.
Касымалиев автосаякатчылар үчүн Rest Point (эс алуу жайлары) уюштуруу маселесин карап чыгуунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул багытта тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды.
Жыйында туризм тармагынын 9 айлык жыйынтыктары чыгарылып, жетишкендиктер менен катар чечүүнү талап кылган маселелер да белгиленди.
Министрлер Кабинетинин башчысы туризмди жыл бою өнүктүрүү максатында кышкы туризмди, үй-бүлөлүк жана чакан бизнести колдоо, жеке инвестицияларды тартуу, ошондой эле жаратылышты коргоо жана туристтердин экологиялык маданиятын жогорулатуу боюнча чараларды күчөтүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, туризм тармагындагы адистерди даярдоо жана тейлөө сапатын жакшыртуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

