Аялзатынын сумкесинде күйөөсүнөн башкасынын баары бар.
Аялзатынын өзү сегизге окшош болгону менен (8), кыялы чексиздик (∞)
Аялзатынын эстутумунун бекемдиги эри менен урушканда билинет.
Жер калкынын саны өскөндөн өсүп баратат, бирок, адамдар азайып баратат.
Өзүңдү өзгөртүүгө аракет кылып көр, башканы өзгөртүү канчалык оор экенин билесиң.
Сергек жашоо образы жаныма жай бербес болду.
Кудай кедейлерди жок дегенде кымбат күнөөлөрдөн сактайт.
Ата-эне баласын сүйлөсө экен деп тилесе, баласы ата-энесин сүйлөбөсө экен деп тилейт.
Ууруну уят кылбайын десең унчукпай отур.
Сүйүү канчалык таттуу болбосун андан шербет жасай албайсың.
Улгайган адамдын көрүүсү начарлайт, бирок, ал алысты көрө билип калат.
Саясатчыларыбыз сапёр болгондо кырылып калышмак окшойт.
Акылсыз аял акылдууну акмак кылат, акмакты шахмат кылат.
Өзүңдүн жашооң болбогон учурда кеңеш берүү оңой.
Дүкөндө баштуу балыктан башы жок балык баалуу.
Турмуш кээде ушундай сабак берет, аны окугуң да келбей кетет.
Айфонуң болсо анда сен али жашсың.
Адам акылы – батарейка, плюсу да, минусу да бар. Отуруп да калышы ыктымал.
Кымбатчылык кыкынтат, арзанчылык акыйтат.
Досторум мен жок жерде мен тууралуу сүйлөшкүдөй жашап жатам.
Жаңы жылдагы телеканалдардын чоңдор үчүн кылган белеги – эртеден кечке мультфильм көрсөткөнү.
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

