whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.01.2026
-13.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкек – Балыкчы жүргүнчү поездине камералар орнотулду

Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поездине камералар орнотулду

Бишкек — Балыкчы — Бишкек багыты боюнча жүргөн жүргүнчү поезддерине видеокамералар орнотулду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, видеокамералар Ички иштер министрлигинин «Коопсуз шаар» тутумуна интеграцияланган.

Аталган тутум кыска убакытта видеожазуулар боюнча укук бузуучулардын идентификациялоонун заманбап технологияларын колдонуу менен өздүгүн аныктоого жана мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартууга мүмкүндүк берет.

«Кыргыз темир жолу» Ички иштер министрлигине жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгына темир жолго зыян келтирген жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жараткан адамдарды аныктоо боюнча өз убагында ыкчам жана сапаттуу иши үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирет.

Белгилей кетсек, 25-июлда белгисиз адамдар Чүй районунун аймагынан өтүп бара жаткан поездге таш ыргытышканы маалым болгон. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракети менен окуяга тиешеси бар 15, 14, 12 жаштагы үч өспүрүм аныкталды. Алар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу курагына жете электигине байланыштуу өспүрүмдөрдүн жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилген.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар