Башкы беткеМаанилүүИшкерлер үчүн “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси иштеп жатат

Ишкерлер үчүн “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси иштеп жатат

Кыргызстанда ишкерлер укуктары бузулган учурда прокуратура органдарына ыкчам кайрылуу үчүн “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси иштеп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкерлер укуктарын коргоо үчүн төмөнкү жолдор аркылуу кайрыла алышат:

  • Мобилдик тиркеме аркылуу — App Store жана Google Playден “Бизнести коргоо” тиркемесин жүктөп, арыз берүү;

  • Ишеним телефондору аркылуу — ар бир прокуратурада атайын номерлер иштейт, аларды www.prokuror.kg сайтынан табууга болот;

  • Жекече кайрылуу менен — жакынкы прокуратурага барып арыз жазуу;

  • Онлайн кайрылуу аркылуу — Башкы прокуратуранын расмий сайтындагы электрондук форма аркылуу.

Башкы прокуратура белгилегендей, жарандардын укуктарын жана ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштер уланууда.

Эске салсак, мыйзамга ылайык, ишкердикке мыйзамсыз кийлигишкен кызмат адамына мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга чейин эркинен ажыратуу, ал эми мыйзамсыз текшерүү жүргүзгөнү үчүн 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул каралган.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар