whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
26.04.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларСаясат жана коомӨз үйүн сатып өнөр жай түптөгөндөр

Өз үйүн сатып өнөр жай түптөгөндөр

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Интергельпо” кооперативинин 100 жылдыгына арналган “Интергельпо – Кыргызстан өнөр жайынын түптөлүшүнүн башатында” аттуу эл аралык илимий кереге кеңеш болуп өттү.

Советтик Кыргызстандын өнөр жай тармагын түптөөдө жана калыптандырууда Чехословакиянын жана Интергельпо мүчөлөрүнүн ролу, орду жана мааниси өтө чоң. Интергельпо (лат. inter – өз ара, чех. гельпо – жардам) – 1925-41-жылдары Кыргызстанда иштеген өндүрүш кооперативи. 1923-жылы Чехиянын Жилин шаарында түзүлгөн. «Интергельпо» кооперативин түптөгөндөрдүн бири, белгилүү чех коммунисти Рудольф Маречек. Анын үндөөсү менен 1925-32-жылдары  Чехословакиядан бардыгы 1317 адам Кыргызстанга келип, алардын 390 кишиси Интергельпонун мүчөсү, чех, словак, венгр улуттарынын өкүлдөрү болушкан.

Кеңеш өкмөтү жаңыдан орногон учурда социалисттик түзүлүш жолуна өткөн өлкөлөр граждандык согуштун айынан жана чет элдик баскынчылардын тийгизген тасирлеринен улам көптөгөн кыйынчылыктарды башынан кечирген. Совет өлкөсүн мына ушул өтө оор абалдан чыгаруу үчүн В.И.Ленин чет элдик жумушчуларды жардамга чакырган. Бул чакырыкка көптөгөн чет элдик жумушчулар жооп кылышып совет өлкөсүнө жардамдарын аябай турганын билдиришкен. Чет элдик өкүлдөрдөн түзүлгөн топтор өнөр жайларга керектүү станоктору менен келишкен.

Алардын башында турган Рудольф Маречек 1917-жылдары Россияга, андан Верныйга, азыркы Алматыга өтүп, Совет бийлигин орнотууга салым кошкондордун бири. 1918-жылы Түп районунда «Түп» жана «Заря Свободы» атындагы эки колхозду уюштуруп, «Заря Свобода» колхозун жетектеген. Кеңеш өкмөтүнүн тапшырмасы менен кыргыз Амандык Канаев экөө барып Үркүн убагында Батыш Кытайга качкан беш жүз кыргыз жана казак үй-бүлөсүн ата мекенине алып келүү миссиясын аткарган.

Ал 1923-жылы Чехословакияга барып жумушчулардын арасында Кыргызстанда «Интергельпо» кооперативин түзүү тууралуу үгүт ишин жүргүзгөн. Тарых илимдеринин кандидаты, профессор Туратбек Сырдыбаевдин айтымында, «Интергельпонун» негизги максаты Жети-Суу облусунда эң керектүү эсептелген чийки сырьелорду иштетүүчү өнөр жайларды куруу болгон. Кооперативге кирүү үчүн ден соолугу чың жана эмгекке жарамдуу, 3 000 чех кронуна ээ болгон жана мүмкүнчүлүгү болушунча бойдоктор кабыл алынган.

1924-жылы 20-октябрда «Интергельпонун» жана РСФСРдын ортосунда Элдик комитеттин жер бөлүштүрүү башкармалыгы ортосунда жер аймактарын ижарага алуу үчүн келишим түзүлгөн. Келишим боюнча «Интергельпо» 61 теше жана 2, 015 чарчы саржан жерди ижарага алышкан. «Интергельпого» кыш чыгаруучу жана жыгач тилүүчү заводдорду, слесардык-механикалык устаканаларды курууга милдеттендирилген. Андан сырткары кооператив жергиликтүү элден 10%дан кем эмес адамды жумушчулук өнөргө үйрөтүүнү моюндарына алышкан.

1925-жылы жазында «Интергельпо» кооперативинин мүчөлөрү, СССРге келээр алдында өздөрүнүн бардык мүлктөрүн, анын ичинде там-ташын сатышып, чогулган акчаларына ишканага керектүү тетиктерди жана машиналарды сатып алышкан. Кыргызстанга келүүчү кооператив тез аранын ичинде даяр болгон. Жилин шаарынын тургундары аларды чоң салтанат менен узатышып, мындай салтанаттуу узатуулар Чехия жана Словакиянын баардык шаарларында коштолуп турган. 1925-жылы 14-апрелде Пишпек станциясына түрлүү улуттардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн интергельпочулардын  133 мүчөсү жана алардын 238 үй-бүлө мүчөсүнүн биринчи поезди келген.  1925-жылы 15-ноябрда интергельпочулардын экинчи тобу 17 мүчөсү жана 30 адамдан турган үй-бүлөсү заводго тери иштетүүчү машиналар, тегирмендин тетиктери жана көп сандаган өздүк курал-жарактары, материалдары менен келип түшүшкөн. «Интергельпонун» үчүнчү тобу 1926-жылы 7-августта келген. Бул курамда 196 адамдан турган жогорку квалификациядагы текстиль жумушчулары жана алардын 500дөй үй-бүлө мүчөлөрү  түзүшкөн. Алар өздөрү менен нооту фабрикалары үчүн текстиль машиналарын, 80 аттын күчүнөн турган эки дизель машинасын, 80 квт. кубаттуулуктагы динамо машинасын жана 8 электр моторлорун ала келишкен. Интергельпочулардын 8 адамдан жана 17 адамдан турган үй-бүлөлөрүнөн түзүлгөн чакан тобу 1928-жылы 4-апрелде келген. Бул топ дагы керектүү тетиктерди ала келишкен.  Ал эми эң акыркы 37 адамдан жана 81 үй-бүлө курамынан турган интергельпочулардын бешинчи тобу 1932-жылы 12-майда келип түшкөн.

«Интергельпо» кооперативи 1925-жылы темир иштетип куюучу устакананы, эмерек чыгаруучу цехти, курулуш цехин, 1926-жылы тери иштетүүчү заводду,  1927-жылы май айында нооту чыгаруучу фабриканы ишке киргизген.

«Интергельпо»  биринчи  беш жылдыктын  аягында  Кыргыз  ССРинин  эң  күчтүү  өнөр  жай ишканасынын бирине айланган. 1932-жылы  жүргүзүлгөн  кайра  уюштуруудан  кийин  (мүчөлөрү 534 адам эле) «Интергельпо» кооперативи 7 өз алдынча кооперативге: «Роза Люксембург» атындагы текстиль ишканасы, «Ф.Дзержинский» атындагы булгаары кооперативи, «Серп и молот» механикалык оңдоо кооперативи, «Красный мебельщик» эмерек жасоочу кооперативи, «Бела Кун» атындагы курулуш кооперативи, «Впереди» транспорт кооперативи, Азык-түлүк чыгарчу «Интернационал» кооперативи болуп бөлүнүп, пландоо жана башкаруу жалпы бойдон калган.

«Интергельпо» кооперативи мындан сырткары 30 гектар айыл чарба участогун ижарага алып, бөлүнгөн жеринде сүт, жылкы жана чочко фермаларын иштетишкен. 1933-жылдан баштап айыл чарба участогу кооперативдин мүчөлөрүн азык-түлүк менен камсыз кылуучу база катары кызмат кылган.

«Интергельпонун» көмөгү менен 1926-жылы Ново-Павловка айылында «Маяк» колхозу уюшулуп, кооператив «Фрудзон» тракторун белек катары тартуулаган.

Кооператив түзүлгөндөн кийин беш жыл аралыгында төрт кабаттуу 18 үй, 12 квартиралуу эки үй, 38 квартирадан турган эки кабаттуу бир үй курган. Баардыгы болуп 4774 метр квадрат аянтты түзгөн 177 квартира берилген. Жумушчулардын 49%ы турак-жай менен камсыз болгон. «Интергельпонун» айланасында жалпысынан он миң декаративдүү дарак тигилип, «Интергельпо» шаарчасынын дал ортосуна парк курушуп, ал жерде 1930-жылы беш жүз орундуу эс алуучу клуб курулган.

1925-жылы кооператив уюштурган мектеп эмеректердин жетишсиздигинен, окуу куралдарынын жоктугунан улам иштебей калып, кийинки жылы өздөрү жашаган үйдөн эки бөлмөнү класс катары пайдаланышып, балдарды чех тилинде окутуу башталган. «Интергельпонун» ичинде мектеп расмий түрдө 1927-жылы 1-сентябрда №14 1-4 баскычтагы шаардык мектеби ачылган. 1930-жылы 1 баскычтагы мектеп ФЗС № 2 деген атка өзгөртүлгөн. Мектепте топтун саны 5ке жеткен 1934-жылы 22 бүтүрүүчүнү чыгарган. Алардын 20сы техникумга жана 10 жылдык мектепке тапшырып, ал эми экөөсү жумушка орношкон, – дейт Т.Сырдыбаев.

Улуу Ата мекендик согуштун учурунда Кыргызстанга ири өнөр жайлар көчүрүлүп келгендиктен жана аларды жайгаштырыш үчүн имараттар жана  энергетикалык базалар керек болгон. Ошол себептен «Интергельпо» мүчөлөрү калган цехтерди, устаканаларды жана башка мамлекеттик ишканаларды көчүрүлүп келген ишканаларга орун берүү үчүн чечим кабыл алышкан. Биринчи болуп кооператив базасында Фрунзе атындагы машина куруучу зоводу курулуп, айыл чарба продукциясын чыгара башташкан. «Интергельпо» механикалык устаканаларынын базасында кайра оңдоочу механикалык зовод курулса, эмерек фабрикасынын базасында жыгачтарды иштетүүчү комбинат курулган, тери иштетүүчү жана нооту чыгаруучу фабрика эң ири өнөр жай ишканасына айланган.

«Интергельпо» кооперативи 1943-жылга чейин иштеп турган.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар