Союз доорунун жакшы жагыбы же терс жагыбы, айтор, ал кезде элеттик бир үй-бүлө жыйырмадай кой, бир саан уй, бир-эки жылкы баласын гана күтө алчу. Андан ашканын колхоздун бригадири эсеп-чотко алып дароо этке төктүртүп турчу. Этке төктүрткөнү, ашыкча уюң же жылкың болсо колхозго өткөрүп бересиң. Колхоз аны облус борборундагы эт комбинатка өткөрүп, канча килограмм эт болсо анын баасына жараша ээсине акчасын берет. Эл ошого каниет кылчубу же айтууга уруксат берилчү эмес беле, айтор, этке өткөргөн малынын акчасына нааразы болгон адамды көрбөдүм.
Ошол кезде атам дайыма чакан корообуздун бир бурчун бөлүп, бизге төрт-беш борук, ирик байлаттырчу. Мугалим болгондуктан атам таң эрте ишке кетип кээде түштөн ооп, көбүнесе кеч кайтчу. Эртең менен окуган байке, эжелерибиз да эрте мектепке кетишет. Түштө окугандарыбыз малды тейлеп, короо тазалап, сабакка даярданабыз. Бир жылы да адаттагыдай эки борук, эки ирик бордоп калдык. Эки-үч ай байлаганда алар семирип, жем, чөп берген бизге тап коюп калышты. Аларды көргөндө ата-энебиз бизди мактап коёт. Ансайын биз эрдемсип, алардын жем-чөбүн өз убагында берип, жакшы карайбыз.
Бир күнү байкем экөөбүз адаттагыдай эле уйдун, аттын тезектерин тазалап жатканбыз. Эшиктин алдына машина токтогонунан, сыртка чыгып карасак бир “Жигули” токтоп калыптыр. Аңгыча машинадан атам түшө сала:
– Эй балдар, жанагы ак борукту алып чыккыла!, – деп кыйкырды. Биз түшүнүп-түшүнбөй эле семирип, эликтей түйүлүп калган борукту араң сүйрөп чыктык. Атам аны “Жигулинин” багажына салып берип:
– Болуптур, Совет агай берди деп таштап кой, – деп узатты. Байкем экөөбүз тең жарыша:
– Ата саттыңызбы? – дедик бир ооздон.
– Жок балдарым, шахматтан мелдешип утулуп калдым, – деди. Мындайды күтпөгөн жаныбыз, анын үстүнө эки-үч айдан бери баккан эмгегибизге, боругубузга ичибиз ачышып атабызга ар нерсени сүйлөнүп кирдик. Бир кезде атам:
– Кой балдарым, антпегиле. Эл менен эл болуш керек. Ушинтип алыш-бериш кылып турбасаң элден чыгып каласың. Бүгүн биз берсек, эртең бизге Кудай берет”, – дегенде көзүбүз жашылдана түшкөн биз унчукпай калдык.
Кийин биз эс тартып калганда атам ошол окуянын чоо-жайын түшүндүрүп берди. Көрсө, биздин айылга мугалим болуп келген бир жаш жигит кыйналып жүргөнүн атам көргөн экен. Шахматты кыйын ойногон атам аны шахмат ойноого көндүрүп, бир койго мелдешет. Шахматта алдына киши салдырбаган атам, ага атайылап эле жасалма утулуп, борукту салып берген тура. Ошентип атам жаш мугалимди утулуп бир сүйүнтсө, үй-бүлөсүн эт-аштуу кылып эки сүйүнтүптүр.
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

