Башкы беткеМаанилүүАйпери Медет кызы Будапешттеги эл аралык мелдеште коло медалга ээ болду

Айпери Медет кызы Будапешттеги эл аралык мелдеште коло медалга ээ болду

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан эл аралык “Polyák Imre & Varga János 2025” рейтингдик турниринде коло байге утуп алды.

Айпери 76 кг салмак категориясында күч сынашып, төмөнкү жыйынтыктарды көрсөттү: чейрек финалда АКШлык Даймонд Гилфорд менен беттешип, 4:4 эсебинде бара жатып атаандашын “туше” ыкмасы менен жеңип, жарым финалга чыкты. Жарым финалда бразилиялык Тамирес Мачадого 5:10 эсебинде утулду. Үчүнчү орун үчүн болгон таймашта Түштүк Кореянын балбаны Соен Чжонду ири айырма — 12:1 эсебинде утуп, турнирдин коло медалын камсыздады.

Бул турнир Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) тарабынан өткөрүлүп, дүйнөлүк рейтингде маанилүү орунду ээлейт.

Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы — Кыргызстан аялдар күрөшүндөгү алдыңкы спортчулардын бири. Ал буга чейин да дүйнөлүк жана континенталдык мелдештерде ийгиликтерге жетишип келген.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар