Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкекте дагы бир жаңы жол пайда болот

Бишкекте дагы бир жаңы жол пайда болот

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жаңы жолдун (ЖЭБдин жанында) курулушунун башталышы менен таанышты.

Калаа башчысы курулушу пландалган участок менен таанышып, бир катар тапшырмаларды берди.

Тиешелүү иштерди жүргүзүү Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына тапшырылды.

Курулуп жаткан жолдун жалпы узундугу 800 метрди, туурасы 8 метрди түзөт. Жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн жолдун бир тарабына туурасы 2 метрден ашкан тротуар курулат.

Мэр Айбек Джунушалиев жол боюна унаа токтотуучу жайларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырып, жолду курууга бардык даярдык иштерин баштоо милдетин койду.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар