Чаткал районунда административдик-аймактык реформанын негизинде Сумсар жана Терек-Сай айыл аймактары бириктирилип, Терек-Сай айыл аймагы, Чаткал жана Каныш-Кыя айыл өкмөттөрү бириктирилип, Каныш-Кыя айыл аймагы болуп түзүлгөн.
Ааламга жол айылдан башталат дегендей бул райондун элинин карым-катышын жандандырган ички жолдордун оңдолуп, мектептердин курулуп, ишканалардын ачылып жаткандыгы алкоого аларлык. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан райондун инфраструктурасын жакшыртуу багытында аткарылып жаткан иштерди коомчулукка сунуштайбыз.

Санарип аймак
“Санарип Кыргызстан 2024-2028” концепциясын ишке ашырууда райондогу 2 айыл өкмөтү жана мекеме-ишканалар “Е-кызмат”, “Инфодокс” электрондук автоматташтырылган тутумдарына кошулган, айыл өкмөттөрүндө “Санарип аймак” электрондук автоматташтырылган тутумуна аймактардын жашоочулары жөнүндө маалыматтар киргизилип жатат. Каныш-Кыя жана Терек-Сай айыл аймактарында “Санарип аймак” автоматташтырылган маалымат тутумуна 28550 калктан 27455и катталды. Ошондой эле “Е-кызмат”, “Инфодокс” электрондук автоматташтырылган тутумуна 30 мекемеден 28 ишкана кошулду.
Тартылган инвестиция
2024-жылдын 12 айына карата жалпы – 2 403 406,6 миң сом капиталдык салым пайдаланылган. Анын ичинен ички капиталдык салым – 819 503,8 миң сом, тышкы капиталдык салым – 1 583 902,8 миң сом тартылган. 2023-жылдын 12 айына салыштырмалуу өсүү темпи 110,8% түзгөн, же 235 004,3 миң сомго көп инвестиция тартылган. Капиталдык салымдардын көлөмү 2023-жылдагы 12 айдын жыйынтыгы менен 2 168 402,3 миң сомду түзгөн.
Калкты жумуш менен камсыз кылууда 2024-жылы райондо жалпы 1113 жаңы жумуш оруну түзүлдү, анын 175 адамы жаңы ачылган 76 кичи ишканада жумуш менен камсыз болушса, калгандары тоо кен тармагындагы ишканаларда жана сезондук жумуш орундары менен камсыз болушту.
2024-жылдын 12 айына карата райондун аймагындагы банк уюмдары аркылуу 131 630,0 миң сом кичи жана орто кредиттер берилип, калктын жашоо турмушун жакшыртуу, өз чарбаларын жана ишкердүүлүгүн өнүктүрүүгө жакшы шарттар түзүлдү. Тактап айтканда, “Элдик Банк” ААКнын Каныш-Кыя филиалынан 80 000,0 миң сомдук кредит берилсе, “Айыл Банк” ААКнын Каныш-Кыя филиалы аркылуу 51 630,0 миң сомдук кредит берилген.

Райондун экономикалык көрсөткүчү
2024-жылдын 12 айынын жыйынтыгы менен өнөр жай продукциясынын көлөмү – 10 806 143,2 миң сом болуп, физикалык көлөмдүн индекси 88,4% түздү. Мал чарба продукцияларын өндүрүүнүн көлөмү: эт – 4043,0 т; сүт – 10434,0 т; жумуртка – 2469,0 миң даана; жүн – 132,6 т. Чекене товар жүгүртүүлөр азыркы баада – 971 243,0 миң сомду түзсө, кызмат көрсөтүү салыштырма баада – 136 259,9 миң сомду түздү.
Райондогу жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү план боюнча – 440 782,2 миң сом болсо, ал 445 472,2 миң сомго аткарылган, тактап айтканда, план 4 690,0 миң сомго ашыкча аткарылган.
Каныш-Кыя айыл аймагына берилген план – 245 119,5 миң сом болсо, ал 246 167,2 миң сомго ашыгы менен аткарылган.
Терек-Сай айыл аймагына берилген план – 195 662,7 миң сом болсо, ал 199 505,0 миң сомго аткарылып, өсүү ыргагы бир кыйла жогорулаган. ªткөн жылда Чаткал райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 117 062,9 миң сом бөлүнүп, аппараттын чыгымдарына – 4 779,2 миң сом, 43 долбоорго – 74 813,6 миң сом сарпталган. 2021-2023-жылдардагы долбоорлор – 37 470,1 миң сомго каржыланды. Жалпы чыгым – 117 062,9 миң сомду түздү.

Айыл чарбасынын көрсөткүчү
Райондун айыл чарба тармагынын негизги багыттарынын бири бул мал чарба тармагы. 2024-жылдын жыйынтыгы менен мал чарба тармагында өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары: Эт: (тирүүлөй салмакта) район боюнча 4043 т өндүрүлдү. 2023-жылга салыштырганда 121 т көбөйдү. Анын ичинен Каныш-Кыя айыл аймагында 2797 т, Терек-Сай айыл аймагында 1446 т өндүрүлгөн. Сүт: район боюнча 10434 т өндүрүлүп, 2023-жылга салыштырмалуу 217,0 т көп өндүрүлгөн. Анын ичинен Каныш-Кыя айыл аймагында 7121 т, Терек-Сай айыл аймагында 3313 т өндүрүлгөн. Жумуртка: район боюнча 2469 миң даана өндүрүлгөн. Анын ичинен Каныш-Кыя айыл аймагында 1233 миң даана, Терек-Сай айыл аймагында 1236 миң даана. Жүн: район боюнча 132,6 тонна өндүрүлүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 5 т көбөйдү. Анын ичинен Каныш-Кыя айыл аймагында 82,8 т, Терек-Сай айыл аймагында 49,8 т өндүрүлгөн.
2024-жылы 1060 га дан эгиндери айдалып себилген, анын ичинен 707 га жаздык буудай, 150 га арпа, 63 га жүгөрү, 140 га чанактуу дан өсүмдүктөр. Мындан тышкары 463 га картошка, 305 га жашылча, 58 га май өсүмдүгү эгилди. Ошондой эле, 4 миң 040 га көп жылдык чөп, анын ичинен быйылкы жылы себилген көп жылдык чөп 223 гектарды түздү.
ªткөн жылдын жазгы айдап себүү иштери Чаткал райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан КР Айыл чарба министрлиги менен биргеликте 1-репродукциядагы “Корнетто” сортундагы буудай үрөнү 23,4 т, 2-репродукциядагы “Корнетто” сортундагы буудай үрөнү 16 т, 1-репродукциядагы “Велес” сортундагы эспарцет үрөнү 28,0 т, 1-репродукциядагы “Дакато сортундагы беде үрөнү 1,0 т, 2-репродукциядагы “Актрис” сортундагы картошка үрөнү 16,0 т камсыздалды. Мындан сырткары Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан 40 т эспарцет, 1 т беде, 20,0 т буудай, 10,0 т картошка үрөнү алынып келинип, дыйкан фермерлер үрөн менен камсыздалды. Дизелдик күйүүчү май менен арзан баада 65 сомдон камсыз кылуу максатында жергиликтүү жеке ишкерлер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 58 т дизелдик күйүүчү май менен камсыздалган. Жыл жыйынтыгында райондо дан эгиндери – 1821,3 т жыйналган, анын ичинен буудай – 1343,3 т, түшүмдүүлүгү –19,0 центнер, арпа – 213 т, түшүмдүүлүгү – 14,2 центнер, картошка –2321,6 т, жашылча –1458,2 т жыйналып алынган.


Дыйкан-фермерлерди колдоо
Район боюнча «Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге жана айыл чарба субъектилерине жеңилдетилген кредиттер берилди. «РСК Банк» тарабынан мал чарба багытында 81 фермерге 32 млн. 470 миң сом, 6 дыйканга 2 млн. 050 миң сом, жалпысынан 87 дыйкан-фермерге 34 млн. 520 миң сом жеңилдетилген насыялар берилген.
«Айыл банк» тарабынан мал чарба тармагына 64 дыйкан-фермерге 21 млн. 950 миң сом, талаачылыкка 12 дыйкан-фермерге 4 млн. 290 миң сом. Жалпысынан 76 фермерге 26 млн. 240 миң сом жеңилдетилген насыялар берилген.
Мындан сырткары “РСК Банк” аркылуу эт кластерине 40 дыйкан-фермерге 26 млн. 920 миң сом, 16 дыйкан-фермерге сүт кластерине 12 млн. 710 миң сом, бал кластерине 1 адамга 300,0 миң сом, мөмө-жемиш кластерине 1 адамга 200,0 миң сом насыялар берилген. “Айыл Банк” аркылуу 18 дыйкан-фермерге эт кластерине 16 млн. 220 миң сом, бал кластерине 1 адамга 300,0 миң сом насыя берилген. Райондун аймагында 16 күнөскана 4,7 гектар тамчылатып сугаруу системасы иш алып барат. Курулуш айылында 5,0 гектар көп жылдык тоют өсүмдүктөрүн жамгырлатып сугаруу системасы колдонулуп жатат.
Жугуштуу оорулардын алдын алуу
Райондук ветеринардык башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын жыйынтыгы менен райондун аймагында жугуштуу жана мите курт ылаңдарын алдын алуу боюнча айыл аймактар менен биргеликте иш чаралар түзүлүп, бекитилип, аткарууга алынган.
Жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында кара малдарга шарп оорусуна 12000 баш, кара сан оруусуна 7931 баш, пастериллез оорусуна 3005 баш, майда жандыктардын чечек оорусуна 39382 баш, чума оорусуна 25389 баш, пастериллез оруусуна 17117 баш эмдөөдөн өткөрүлгөн. Кутурма оорусун алдын алууда райондун аймагында 1714 баш ит эмдөөдөн өткөрүлүп, 709 баш кароосуз калган жолбун иттер атылып, ветеринардык санитардык эрежелерди сактоо менен жок кылынган. Эхинококкоз оорусунун алдын алууда 5244 баш ит азинокс дарысы менен жугушсуздандырылып, дегелминтациядан өткөрүлдү. Ошондой эле, бруцеллез оорусу боюнча 2024-жылы 5388 баш кара малдан кан алынып, серологиялык текшерүүдөн өткөрүлүп, серелогиялык текшерүүнүн жыйынтыгы менен, 7 баш кара мал бруцеллез деп аныкталган. Бруцеллез менен аныкталган малдарды мал ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен 7 баш кара мал ветеринардык санитардык эрежелерди сактоо менен жок кылынган.
Жылкыларга ЧИП басуу үчүн 2021-жылы 5120 даана чип алынып бүгүнкү күнгө 5120 баш жылкыга чип басылып, маалымат базасына киргизилген. Мындан сырткары Чаткал айыл аймагындагы “Болот Ата” асыл тукум кой чарбасынын ээси К.Карабаевдин карамагындагы 310 баш койго бирка басылып, түндүк маалымат системасына киргизилген. 2025-жылдын 1-январына карата райондо мал жана үй канаттууларын каттоонун жыйынтыгында кара мал – 9 миң 467 баш, кой-эчки – 82 миң 022 баш, жылкы – 6 миң 743 баш, канаттуулар –38 миң 089ду
түзгөн.

Курулган курулуштар
Чаткал районунда 2020-2024-жылдарда башталган 13 объектиде капиталдык куруу иштери улантылууда. ªткөн жылы 13 объект курулган. Каныш-Кыя айыл аймагында 8 объект райондук өнүктүрүү фондунан, жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлүк жардам аркылуу каржыланган. Жер-Капчыгай айылында ФАП жана А.Баймырзаев орто мектебинин кошумча имараты курулуп пайдаланууга берилген. Каныш-Кыя айылына кичи футбол аянтчасын куруу соңуна чыгып калды. Бул объект жергиликтүү бюджеттен каржыланууда. Кайың-Суу айылынын Кайың-Суу орто мектебинин жаңы имараты курулуп, колдонууга берилген. Мектеп райондук өнүктүрүү фондунан каржыланып, “Дан-Эл-Сторой” ЖЧКсы тарабынан курулуш иштери жүргүзүлгөн.
Ошондой эле Курулуш айылында С.Мырзалиев орто мектеби республикалык бюджеттин каржылоосу менен “Бакай” ЖЧКсы тарабынан курулууда. Каныш-Кыя айылына ЛЭД экран орнотулду. Терек-Сай айыл аймагында 5 объектте курулуш иштери жүрүп жатат. Курулуш иштерин жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет жана демөөрчүлүк жардам каржылоодо. Ак-Терек айылынын өрткө каршы бөлүмүнүн жаңы имараты жана Горняк-2 көчөсүнө балдар ойноочу аянтча курулду. Ошондой эле Мончок-Дөбө айылындагы Алымкулов атындагы балдар бакчасына арка, беседка жана КПП “СК Ак-Тилек” ЖЧКсы тарабынан жасалып, пайдаланууга берилди.
Кен иштеткен компаниялардан соцпакеттер
Чаткал районунун аймагында алтын кенин казууга жалпысынан 238 лицензия берилген. Анын138 лицензиясы Кыргыз геология кызматы тарабынан жокко чыгарылган. Учурда 100 лицензия кен казуу ишмердүүлүгүн жүргүзүү укугуна ээ. 100 лицензиянын ичинен 54ү пайдаланууга, 46сы чалгындоого жана изилдөөгө берилген.
Жыл ичинде Чаткал районунун аймагында «Кичи-Чаарат», «Эти Бакыр – Терек-Сай», “БЭН Майнинг”, “Сандалаш Аурум”, “Астас-Строй”, “Мурас-Синтез”, “ВТ и СА” жана «Эвентус» компаниялары кен казуу иштерин, ал эми “Чанач”, “Терек-Сай жаштары” чалгындоо, изилдөө иштерин жүргүзүп келишкен. Ал эми “ЗААВ-Чаарат” ЖАКнын изилдөө иштери убактылуу токтоп турат. Ошондой эле “Вертекс Голд Компани” ЖЧКнын ишмердүүлүгү убактылуу токтоп турат.
Чаткал районунун аймагында кен казган компаниялардагы жалпы жумушчулардын саны – 770. Анын ичинен ичинен 323 жумушчу Чаткал районунун тургундары. Башка райондордогу жумушчулардын саны – 309. Кен казган компаниялар тарабынан 2024-жыл аралыгында 22279,8 т руданын концентраты жана 2157,6 кг алтын өндүрүлгөн.
Чаткал районундагы тоо кен компанияларынан жыл ичинде жергиликтүү бюджетке 409 млн. 330 миң сом салык төгүлгөн. Чаткал районунун айыл өкмөттөрүнүн социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу максатында компаниялар тарабынан төмөндөгүдөй акча каражаты жумшалган. Каныш-Кыя айыл аймагынын социалдык пакетине 2024-жылдын 12 айында “ВТ и СА” ЖАКы тарабынан 1,4 млн. сом соцпакет жардам берилди. “Чанач” ЖЧКнан 100 миң сом жана “Суу-Таш” ЖЧКнан 50 миң сом колдоо көрсөтүлдү. Терек-Сай айыл аймагында иштеп жаткан “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнан 15,1 млн. сом соцпакет которулду. “Эвентус” ЖЧКнан 7 млн. соцпакет которулду. “БЭН Майнинг” ЖЧКнан 4 млн. сом соцпакет которулду.
Чаткал районунун аймагында кен иштетүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан компаниялардан 2024-жылга түзүлгөн меморандумдун негизинде, «Кичи-Чаарат» ЖАКнан 7 000 000 (жети миллион) сом акча каражаты которулган «Чаарат ЗААВ» ЖАКнан 11 310 010 (он бир миллион үч жүз он миң он) сом которулган.

Ааламга айылдан башталган жол
№27 Жол тейлөө мекемесинде штаттык бирдикте – 6, келишимдин негизинде – 20 киши эмгектенет. Республикалык маанидеги 38-215,7 км аралыкка чейинки узундугу 177,7 км, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автожолунун 38-100 км аралыкка чейинки 62 км жолун капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн “Жагалмай” ЖЧКсына өткөрүлүп берилген, калган 100-215,7 км аралыкка чейинки 115,7 км Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автожолун, жергиликтүү маанидеги 41 км автожолдорун аталган мекеме тейлейт.
Кыш мезгилинде Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Айгыр-Жал, Красная-Горка – Ак-Таш автоунаа жолунун 107 чакырым аралыгы январь-апрель айында ай сайын кардан тазаланды. Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жана Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолдорунда түшкөн кар көчкүлөр январь айынан май айына чейин убагында тазаланды. 2023-жылы 30-апрелде Кара-Буура ашуусунда жол каттамы колдонууга берилсе, 2024-жылы 30-апрелде Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка автоунаа жолунун 198-215,7 км (Кара-Буура ашуусу) кар көчкүдөн тазаланып, жол каттам ачылган.
Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун 38-103, 112-114, 146-215,7 км, Красная-Горка – Ак-Таш автожолунун 0-12 чакырымын автогрейдер менен сүрүп тегиздөө, автопогрузчик менен жолду кеңейтүү жумуштары жыл ичинде 7 жолу аткарылды. Красная-Горка – Ак-Таш автоунаа жолундагы көпүрөлөр оңдоодон өттү. Ала-Бука-Жаңы-Базар – Кировка автоунаа жолунда суу өткөрүүчү түтүктөрдүн тешилген жерлери жамалып оңдолду.
Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Айгыр-Жал автоунаа жолдорунда 124,9м2 аң-чөнөктөрдү асфальт менен жамоо жумуштары аткарылды. Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 100-101 жана 106-600 чакырымына (Тастопиян участкасы) жол коопсуздугун камсыздоо үчүн жол жээги тосмолонуп, шагыл төгүлүп, “жасалма дөңсөө” коюлуп, жол белгилери орнотулду.
Тургундарды коопсуз аймакка көчүрүү
Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылында таш кулоо коркунучу бар деп табылган, КРнын ªКМнин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы №162 корутундусуна ылайык таш кулоо коркунучу бар деп табылган кооптуу аймакта 23 үй-бүлө жана 1 мектеп бар.
Чаткал району боюнча ªзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысына жана кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөгө эскертмелер берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Ошондой эле 2024-жылдын март айында аба ырайы кескин өзгөрүп, райондун аймагында кар калың жаагандыгына байланыштуу, Чаткал районунун Чаткал айыл аймагынын Жаңы-Базар айылындагы кар көчкү түшүү кооптуулугу бар участкада жашаган 19 турак үйдүн жашоочуларына аба ырайы турукташканга чейин үйлөрүнөн убактылуу көчүп чыгып туруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертмелер берилген.
Чаткал району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы тарабынан айыл аймак башчыларына, мекеме ишканалардын жетекчилерине, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын башчыларына жана кооптуу аймакта жашаган жарандарга жалпысынан 2024-жыл ичинде 39 эскертме берилген.
Вера БЕДЕЛБЕК, «КЫРГЫЗ ТУУСУ»

