Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Рапил Жошыбаев менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда кыргыз-казак кызматташтыгынын кеңири маселелери каралып, Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди. Тараптар соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, эки өлкөнүн өз ара кызматташуусун мындан ары да күчөтүүгө даяр экенин билдиришти.
Ошондой эле айыл чарба, инфраструктура, логистика жана суу-энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды. Эрлист Акунбеков Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер ишенимдүү диалогду жана натыйжалуу кызматташтыкты камсыздай турганын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар алдыдагы жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын графигин жана эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелерин да карашты.


