Башкы беткеРубрикаларАймактарТаласта жер титирөөгө байланыштуу ыкчам топ түзүлдү

Таласта жер титирөөгө байланыштуу ыкчам топ түзүлдү

Талас облусунун Талас районунда жер титирөөгө байланыштуу ыкчам топ түзүлүп, учурда силкинүү катталган Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылына барышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Алардын алдын ала билдирүүлөрү боюнча 5 турак жайдын дубалында жарака кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басарынын буйругунун негизинде саат 05:15де ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы ыкчам жыйынга чогулуп, абалды көзөмөлдөө, айыл аймактардан маалымат алуу, чара көрүү, кесепеттерин тактоо ишерин алып барууну талкуулашты.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-мартта Сейсмология институту саат 04:42де Казакстандын аймагында күчү 5,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталганын, Талас облусунун Талас районундагы Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймактарында 4 балл болгонун маалымдады.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар