whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.01.2026
-13.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомОрунбеков: "Манас эстеликте эмес — ал ар бир кыргыздын жүрөгүндө"

Орунбеков: «Манас эстеликте эмес — ал ар бир кыргыздын жүрөгүндө»

Бир нече күн мурда Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтына Айкөл Манастын жаңы айкели орнотулду. Эстеликтин көрүнүшү коомчулук арасында түрдүү пикирлерди жаратып, кызуу талкууга себеп болду. Ушул маселеге байланыштуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жеке пикирин билдирип чыкты.

Анын айтымында, ар ким Манасты өз кыялына жараша элестетет. Дүйнө тааным, аң-сезимдин деңгээли кандай болсо, Манас ошондойчо кабыл алынат.

Ошондой эле ал коомчулукта Манастын талкууланышы улуу мураска кайдыгерликти эмес, аны бийик көрүүгө умтулуп жаткандыкты көрсөтөт деп белгиледи.

«Манас — ар бир кыргыздын руханий түшүнүгүндө, жүрөгүндө ар түрдүү формада жашаган улуу күч. Анын образын материал менен толук жеткирүү мүмкүн эмес. Манастын келбети биздин элестетүүдө чексиз, ошондуктан аны эч ким так сүрөттөп бере албайт. Анткени аны көргөн да, сүрөттөгөн да болгон эмес. Манасчылар гана аян түрүндө көргөнүн угуп жүрөм.

Азыр “Манас окшошпой калыптыр” деп жаткандар деле аны өз дүйнөсүндө чексиз, улуу образда элестеткендер деп ойлойм. Эстелик болгону символ. Ал Манасты эстетип турган бир предмет, бирок Манастын өзү эмес.

Андыктан, Манаска окшошпой калыптыр деп талкуулай берген деле ашыкча. Кандай болбосун, кыргыз балдары Манасты талкуулап жатканы — бул жакшы көрүнүш. Бул улуу мураска кайдыгер эместигин, аны бийик көрүүгө умтулуп жатканын көрсөтөт. Туура, Манас эстеликте эмес — ал ар бир кыргыздын жүрөгүндө», — деди ал.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар