Бишкек шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү жана практикалык нукка өткөрүү боюнча бир катар маанилүү макулдашууларга жетишти.
Тараптар саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун учурдагы абалын оң баалап, жетишилген келишимдерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурарын билдиришти. Ошондой эле үстүбүздөгү жылга карата жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлардын графиги макулдашылды.
Инфраструктуралык багытта чек арадагы индустриалдык соода-логистикалык комплекс куруу, Алматы облусунда мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды сактоочу дүң бөлүштүрүү борборун түзүү, Ысык-Көл – Алматы альтернативдүү автожолу долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарды жана көпүрөлөрдү модернинизациялоо маселелерин алдыга жылдыруу боюнча макулдашуу болду.
Мындан тышкары, айыл чарба жана өнөр жай кооперациясы тармактарында аймактар аралык кызматташуунун пайдаланылбай жаткан мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп чыгуу чечими кабыл алынды.
Көп тараптуу аянтчаларда өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, эл аралык уюмдардын алкагында бири-бирин колдоо маселеси боюнча позициялардын окшоштугу белгиленди. Ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо жана жаштар саясаты багыттарында маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү ниети ырасталды.
Жыйынтыгында министр Жээнбек Кулубаев казак тарапты алдыда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары активдүү катышууга чакырды.

