Башкы беткеМаанилүүКыргызстан менен Мальта эки тараптуу мамилелер талкууланды

Кыргызстан менен Мальта эки тараптуу мамилелер талкууланды

2026-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Мальта Республикасынын Вице-премьер-министри, Тышкы иштер министри Иан Борч менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Мальтанын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана аларды мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле саясий, экономикалык жана гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүү маселелерине көңүл бурулду.

Мындан тышкары, эл аралык уюмдардын алкагында жана башка көп тараптуу форматтарда өз ара аракеттенүүнү активдештирүү перспективалары боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы конструктивдүү диалогду улантууга жана өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да чыңдоого даяр экендигин билдиришти.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар