Өлкөбүздө 1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин эмгек акысы 100 пайызга көбөйөт. Мындан тышкары, президенттин фондунан ар бир дарыгерге жана медайымга ай сайын 15 миң сомдон кошумча төлөм берилет.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев депутаттык топтордун «Ишеним» жана «Ала-Тоо» биргелешкен жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул чаралар медицина кызматкерлеринин эмгек акы маселесин чечүүгө багытталган.
Мамадалиев ошондой эле аймактарда иштеген дарыгерлер үчүн каралган депозиттин көлөмү көбөйгөнүн белгиледи. Учурда дарыгерлерге кварталына 66 миң сомдон депозит төлөнөт. Буга чейин, 2024-жылга чейин, бул сумма кварталына 43 миң 33 сомду түзүп келген.
Анын маалыматына караганда, учурда депозит программасы аркылуу болжол менен 500гө жакын адис колдоо алууда. Келечекте бул көрсөткүчтү 7 миң медицина кызматкерине чейин көбөйтүү пландалууда.
Министрликтин маалыматына ылайык, мындай чаралар аймактарга медицина кызматкерлерин тартууга жана кадр жетишсиздигин азайтууга жардам берет.

