13-март күнү Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Каракол шаарындагы бир катар медициналык мекемелердин абалы менен таанышты.
Алгач Министрлер кабинетинин башчысы Каракол шаарындагы облустук бириккен ооруканага барды. Маалыматка ылайык, оорукананын негизги имараты 1968-жылы курулуп, 550 орунга ылайыкталган. Адылбек Касымалиев реанимация жана хирургия бөлүмдөрүн көрүп чыгып, колдонулуп жаткан жабдуулар жана бейтаптарды дарылоого түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Мындан сырткары, Министрлер кабинетинин башчысына Каракол шаарында курулуп жаткан 350 орундуу жаңы оорукананын долбоору тууралуу маалымат берилди. Курулуш иштери 2024-жылы башталган. Жаңы медициналык мекеме сегиз блоктон туруп, долбоорду 2027-жылы аяктоо пландалууда. Адылбек Касымалиев бул оорукана бүткүл Ысык-Көл облусу үчүн маанилүү экенин белгилеп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.
Ошондой эле жаш дарыгерлерди колдоо максатында мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында батир бөлүп берүү жана кызматтык турак жай куруу маселесин иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Жумуш сапарынын жүрүшүндө Каракол шаарында КМШ өлкөлөрү жана коңшу мамлекеттер үчүн жогорку технологиялуу медицинанын жана медициналык туризмдин алдыңкы аймактык борбору боло турган эл аралык медициналык кластерди куруу долбоору да тааныштырылды. Долбоор диагностиканын жана дарылоонун алдыңкы технологияларын өнүктүрүүгө, онкология жана кардиология боюнча адистештирилген борборлорду түзүүгө, чет өлкөлүк адистерди тартууга жана заманбап медициналык билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган. Долбоордун жалпы наркы 150 миллион АКШ долларын түзүп, 510 орунга ылайыкталган. Аны ишке ашыруу менен 750гө жакын жаңы жумуш орду түзүлөрү күтүлүүдө.
Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин башчысы Өзгөчө кооптуу жана карантиндик инфекцияларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун чумага каршы бөлүмүнүн абалы менен да таанышты. 1894-жылы курулган имараттын лабораториялык базасы бүгүнкү күндө биологиялык коопсуздуктун заманбап талаптарына жооп бербейт. Жыйынтыгында тиешелүү органдарга жаңы имарат куруу жана материалдык-техникалык базаны жаңылоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырылды.
Жумуш сапарынын алкагында Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облустук соттук-медициналык экспертиза бюросуна да барды. Бул мекеме 1897-жылы курулган имаратта жайгашып, учурда авариялык абалда экени белгилүү болду. Бюродо үч бөлүм иш алып барат. Министрлер кабинетинин төрагасы тиешелүү мамлекеттик органдарга мекеменин инфраструктурасын модернизациялоо, анын ичинде жаңы имарат куруу жана зарыл жабдууларды сатып алуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

