“Кыргыз Туусу” гезити жакындан бери “Эмгек каарманы” рубрикабыздын алдында, кесипкөй, жаратман адамдардын эмгеги, алардын мамлекетибиздеги, коомдогу орду, жаштарга үлгү болчу жактары тууралуу баяндап берип келебиз. Дал ошондой, көңүлү сүйүп, жүрөгү каалаган бир кесипте иштеп, анын ысык суугун аркалап, бактысын да, ырыс-кешигин ушул кесибинен тапкан, өмүрү өрнөк “эмгек каарманынын” бири – Абылгасым Абдыракманов.
Абылгасым аганын кесиби токарь. Болгондо да 5-разряддагы, эң жогорку квалификациядагы токарь. Муну ал СССР кезинде, борборубуздагы ири заводдордо иштеп жүргөндө алган. Мындай квалификациядагы токарды бүгүн күндүзү чырак менен издеп табуу кыйын.
Абылгасым аганын токардык кесипке жолу 1972-73-жылдары Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы кесиптик окуу жайынан башталган. Окууну аяктагандан кийин токардык кесипке окугандарды ал кезде Фрунзедеги (кийин Бишкек) “Кыргызэлектр кыймылдаткыч” заводуна практикага алып келишет. Тилекке каршы, өзү менен чогуу иштегендердин баары эле бул татаал жана кызыктуу кесипти аркалап кете алышкан эмес. Анын үстүнө СССР кезинде заводдордо токардык кесипке талап өтө күчтүү эле. Кичине эле жазып тайсаң жасаганын “жараксыз” болуп, иштин жалпы ыргагына таасирин тийгизчү. Ошондон уламбы аны менен чогуу заводго келишкендердин баары эле чыдай алышкан жок. Учурунда миңден ашуун квалификациялуу жумушчулар иштеген “Кыргызэлектр кыймылдаткыч” заводунда кыргыз улутунан жалгыз токардык кесипти аркалаган ушул Абылгасым ага болгон. Бул заводдо унаалардын моторунун түрү жасалып, союз боюнча атайын заказ менен алып турушчу. Ал ушул заводдо иштеген жылдарын такшалуунун, чеберчилигин арттыруунун жылдары катары жылуу эскерет. Кийин токарь катары анын жолу “Ленин” заводунда, Фрунзедеги “Машина куроочу” заводдо,”Кыргызэнерго ремонт” заводунда, Россиядагы “УралМаш” заводунда уланды.
Абылгасым ага ырыс-кешигин ушул кесибинен тапты. Үйдү да заводдо иштеп жүрүп алды. Ал бир кезде өзү иштеген жогоруда аты аталган заводдордун эгемендик жылдарындагы “менчиктештирүүнүн” айынан сайда саны табылбай калганын өкүнүү менен кеп кылат. Эмне деген кубаттуу, миңдеген кесипкөйлөр иштеген, жети укмуштардын баарын чыгарган бул заводдордон азыр эптеп эле бирдеме калганына же таптакыр жок болуп кеткенине кабыргасы кайышып кетет. Ошону менен рынок заманы Абылгасым аганын кесибине да таасирин тийгизди. Бирок, заводдордун күнү бүткөндөн кийин деле, токардык кесиби жерде калтырган жок. Бишкектеги “Киа Моторс” ишканасында кыйла жыл ушул кесибинде иштеди.
Журналист катары Абылгасым агага назарым ал ушул ишканада иштеп жүргөндө түшкөн. Эски машинамдын улам бир тетиги иштен чыкканда бара калчумун. Алып барган тетигиңди карап туруп, кудум заводдон чыккандай кылып жасап бергенине, иш үстүндө бир да ашыкча кыймыл жасабай, ар бир кыймылынан кайсы бир деталь алда-немедей болуп бүтүп жатканына таңгалар элем. Баса ага кайрылган улуу-кичүү дебей жөн гана Абыке деп коюшат экен. Бул дагы айтылбаган, жазылбаган, чын дилден чыккан урматтоо эмеспи.
“Киа Моторс” ишканасы башка ишке адис-тешип кеткенден кийин бир аз жумушсуз калдым. Өмүр бою иштеп жүргөн киши үйдө отуруп калганда болбойт экен. Анан өз каражатыма токардык станок сатып алып, “Гарант” унаа оңдоочу жайынын мурдагы токардык станок турган жайын ижарага алып, жеке ишкер катары иштеп жатам. Айдоочулардын түрдүү заказдарын аткарам. Менин бул жерде иштеп жатканымды билген айрым кардарларым, атайын издеп келишип, керектүү нерселерин жасатып кетишет. Салык төлөйм, патент менен иштейм”, – дейт Абылгасым ага.
Ошентип, жетимиштин кырынан эбак ашса дагы Абылгасым ага сүйгөн кесибин улантууда. Кыргызда “кесибим – ырыс кешигим” деп айтылат. Ушул сөз Абылгасым агага абдан жарашып тургансыйт. Анткени, күрүлдөп иштеп жаткан токардык станогун ийкемдүүлүк, ыкчам кыймыл менен башкарып, бүт дитин жасап жаткан ишине койгон Абылгасым чынында эле бул кесипсиз жашай албаса керек деп кетем.
Негизи эле токардык кесип – чыгармачылыкты талап кылган сейрек кесип. Ал эми Абылгасым ага чынында эле чыгармачыл адам. Бош убактысында ыр, макала жазат. “Соң-Көлдүн толкундары” аталган ыр жыйнагынын автору. Коомдогу болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабаган, бул багытта олуттуу макалаларын, сатиралык чыгармаларын жазып, күндөлүк басма сөздөргө жарыялап келет.
Сөзүмдүн аягында, беш баланын, неберелердин атасы, чыгармачыл инсан Абылгасым агага бекем ден-соолук, азыр да бел чечпей иштеп жаткан токардык кесибинде ийгиликтерди каалап, төмөндө айрым ырларынан жарыялайбыз.
Бир кесип
Темир менен темирди кесип келем,
Түрүн жасап тетиктердин нечендеген.
Кырындысы темирдин жибек сымал,
Чыгып турат созулуп кескичимден.
Сүрөтчү сүрөт тартса кисти менен,
Кисти ордуна кескичим дайым белен.
Каалагандай кесип жонуп темирди,
Темирлерге түркүн түстү берип келем.
Жарым кылым мен жасаган темирден,
Үйүп койсом тоо курулмак керилген.
Жазып ийсем бүтүп калмак эчакта,
Кытай-кыргыз темир жолу кечиккен.
Темир көзөп өзөгүнө жан салат,
Өзөгүнөн өзгөчө бир жыт чыгат.
Өзгөлөргө сезилбеген ошол жыт,
Токарларга берип турат күч-кубат.
Темир колдор темирлерди багынтат,
Күүгө салып станокту башкартат.
Каалаганың колдон чыкса жасалып,
Ошол болот токарь үчүн ырахат.
Микрондоп ар бирин ченеп келем,
Темирлерди темирге кынап келем.
Жаткан темир жараксыз ишке кирет,
Кызык кесип ушундай «токарь» деген.
Көп болду
Канча болду тоого чыкпаганга,
Тоо булагын кочуштап жутпаганга.
Бетегеге чалынып кулун кармап,
Кишенеген кулун үнүн укпаганга.
Канча болду жайлоо үстүн баспаганга,
Атка минип ашуусунан ашпаганга.
Көбүргөндүү гүл аралаш тулаңын,
Кучак жайып кучактап жатпаганга.
Ичпегенге көп болду кымызынан,
Ыш жыттанган кып-кызыл сабасынан.
Көрбөгөнгө көп болду келиндерин,
Кыйгач карап сабасын бышып турган.
Күндө карайм балкондон тоо тарапты,
Капастагы камалган куш сыяктуу.
Көкүрөктү кусалык тээп турат
Эстегенде тоодо өткөргөн бир куракты.
Ашуулар
Ашуу…ашуу… ашуулар,
Ашууңда жатат көп сырлар.
Татаал жол сенин ташыңда,
Мезгилдин түрлүү сыры бар.
Ашуу…ашуу…ашуулар,
Оош кыйыш өтүп замандар.
Ашууңду сенин аша албай,
Акты экен канча көз жаштар?
Ашуу… ашуу.. ашуулар,
Ашууңдан сенин кас катар.
Ай жылы эмес мезгилдин,
Ашты экен канча кылымдар?
Сагыныч
Айланаң аскалуу тоо мөңгү баскан,
Арбалып бир өзүңө сугун арткан.
Көркүңө көктөн жылдыз чыдай албай,
Кулап түшүп толкунуңа боюн каткан.
Сен керемет, бул дүйнөдө кереметсиң,
Жетөө болсо бул дүйнөдө кереметтин.
Булут менен өбүшүп жайы-кышы,
Чалкып жаткан Соң-Көлүм бири сенсиң.
Ак мөңгүнүн «тып» эткен тамчысынан,
Бул ааламда эмне болсо баарысынан.
Табигат сурап алып сулуулукту,
Сулуу көлүм бир өзүңө тартуулаган.
Күндөрүң кой короого булут чөккөн,
Ак жибектей куюлуп көктөн түшкөн.
Күндүн нуру күмүштөн ийне саптап,
Тепчип өтүп тулаңыңа нурун төккөн.
Сагынып өмүр бою эстеп келем,
Көбүргөндүү көк конушуң, көк бетегең.
Арасынан балалык издеримди,
Көргүм келип түшүмдө издеп келем.
Кош колдоп булутуңду кармай албай,
Кошо калкып кыялга баттым далай.
Аруу сезим балалык ал бийикте,
Кала берди сенин аппак булутуңдай.
Абылгасым АБДЫРАКМАНОВ