26-29-июнда “Акун” пансионатында 5 жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан Чыныбай Турсунбеков атындагы “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалы өттү. Бул фестивалдын мурдагылардан өзгөчөлүгү — ага эл аралык поэзия фестивалы катары коңшу Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнөн жана Түркия мамлекетинен акын, жазуучулардын келишкени болду.
Коомдук жана саясий ишмер, акын, журналист, филология илимдеринин кандидаты Чыныбай Турсунбековдун өмүрлүк жубайы Нуржан Тентимишованын демилгеси, колдоосу менен өткөрүлүп жаткан эл аралык поэзия фестивалына Түркиядан белгилүү акын Кенан Чарбога, Өзбекстан Жазуучулар союзунун төрагасынын кеңешчиси Салим Ашуров, өзбек акындары Нураалы Кобул, Шухрат Ориф, Наргиза Асадова, Өзбек улуттук аспаптар институтунун доценти Хуршид Бекназаров, Казакстан жазуучулар уюмунун төрагасынын орун басары Галым Калыбек уулу, белгилүү төкмө, жазма акын Серик Калиев, казак акын, жазуучулары Бауржан Мырзакул, Максат Даулбай катышышты. Мындан сырткары бул фестивалда Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, КР эл акындары – Кожогелди Култегин, Акбар Рыс-
кулов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер – Нурлан Калыбеков, Керимбек Кадыракунов, Курманбек Рыспаев, Абдилаат Дооров, Бурулкан Сарыгулова, акын, адабиятчылар филология илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы Үмүт Култаева, филология илимдеринин доктору, акын Аида Эгембердиева, филология илимдеринин кандидаты, акын, Гүлзада Станалиева, акын, адабиятчылар — Жумадин Кадыров, Болот Таштаналиев жана башка кыргыз элине таанымал акын, жазуучулар, журналисттер, жаш калемгерлер, Ч.Турсунбеков поэзия фестивалынын дипломанттары, лауреаттары катышышты. Ошондой эле бул фестивалдын ачылышында КРнын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев да өз пикирлерин ортого салышты.
Таасирдүү поэзия, саябалуу сармерден
26-июнда көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде аталган фестивалдын салтанаттуу ачылышы жана Чыныбай Турсунбековдун чыгармачылыгына арналган адабий кече болуп, анда анын өмүрүнүн урунттуу учурларын, чыгармачылыгын, саясий, коомдук ишмердүүлүгүн чагылдырган документалдык тасма көрсөтүлдү. Бул иш-чарада маркумдун курсташтары, жакындары, калемдештери, жердештери сөз сүйлөшүп, аны жылуу эскеришти. Фестивалдын ачылыш салтанаты акындын текстине жазылган обондуу ырлар менен коштолуп, сырттан келген меймандарга да сөз берилди. Эртеси пансионаттын конференциялык залында аталган эл аралык поэзия сынагынын финалдык бөлүгүнүн биринчи бөлүгү өтүп, анда поэзия сынагы боюнча 3 финалист-Гүлүмкан Исаева, Бектемир Асылбеков, Мээрим Эркинбек кызы, көркөм окуу сынагы боюнча 7 финалист көрүүчүлөр менен калыстарга өздөрүнүн ырларын жана Ч.Турсунбековдун ырларын көркөм окуп беришти. Жаш калемгерлердин ырларындагы жакшы табылгалар, саптар, ойлор көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбаганы ыр окуу мезгилиндеги жымжырттыктан жана кубаттуу кол чабуулардан айкын сезилип турду. Бул иш чарадан соң поэзия фестивалынын катышуучулары, чакырылган коноктор КРнын эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаировдун “Көркөм окуу техникасы”, “Сахна кеби” окуусуна катышышып, жакшы маанай, таасирленүү менен залдан чыгышты. Бул күнү кечинде фестивал катышуучулары, меймандары Эл аралык “Нурборбор” чыгармачыл академиясы менен “Жаңы толкун” жаш акындар адабий клубунун “Сармерденин” көрүштү. “Манас” айтуу менен башталып, ар түрдүү адабий жанрларды, обондуу ырларды, төкмөлүк айтыш, ыр айтыш, жаңылмач, макал-лакап айтышууларды камтыган акындар сармердени 3 саатка созулду. Көрүүчүлөр, белдүү адабиятчылар акындар сармердени абдан жакшы болгонун айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти. Айрыкча көрүүчүлөр жаш таланттар, “Жаңы толкун” адабий клубунун мүчөлөрү Нурсултан Абдикаримов менен Арууке Абдыкалыкованын аткаруусундагы Раймалы менен Бегимайдын ыр айтышынан жана обондуу ырлардан руханий азык алышканы байкалып турду.
Көчөт менен көөдөн жибиди
Бул поэзия фестивалындагы дагы бир кубанычтуу көз ирмем Акындар сейилбагынын ачылышы болду. Кызыл лентасы кесилип, салтанаттуу ачылган сейилбакта маркум Ч.Турсунбековдун жаркын элесине, КРнын эл акыны Кожогелди Култегинге, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Курманбек Рыспаевге, Ч.Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаттары Сайра Батыркулова, Нуриза Өмүрбаева, Бердибек Жамгырчиев, Нуркыз Рыскул кызына арналып бактар отургузулуп, атайын такталар да бекитилиптир. Такталарда авторлордун бирден куплет ырлары да жазылган. Чыгармачыл инсанды көзү өткөндө гана барктабай, көзү тирүүсүндө да ушинтип баалап, сый-урмат кылып койгон кандай жагымдуу экени ал жердеги калемдештердин акыбалынан даана байкалып турду. Жөн эле дарак тигип койбой, ушинтип акын, жазуучуларды, татыктуу инсандарды баалай билүү да акылмандык.
Татыктуулар тандалды
28-июнда Ч.Турсунбеков эл аралык поэзия фестивалынын экинчи бөлүгү болуп, поэзия сынагы боюнча 2 финалист-Мирлан Аскарбеков менен Бегайым Нурлан кызы, көркөм окуу боюнча 7 финалист калыстар, көрүүчүлөр сынагынан өтүштү. Эки акындын ырлары да калемгерлерди тамшандырып, көркөм окуучулар ичинен Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын актрисасы Айтунук Бучукованын сахналаштырган көркөм окуусу көрүүчүлөрдүн жарпын жазды. Улуу, орто муун-
дагы жана жаш калемгерлерге Кочкор районунун Абылгазы уулу Ишенаалы атындагы орто мектебинин директору Бегайым Нурлан кызынын ырлары жагып, буга чейин Байдылда Сарногоев атындагы адабий сыйлыктын ээси болгон авторду поэзия күйөрмандары кызуу кол чабуулар менен узатышты. Бул күнү поэзия ышкыбоздору чыгаан акын, котормочу, тилчи Алтынбек Исмаиловдун “Кыргыз ырларынын түзүлүшү” жана “Ч. Турсунбековдун поэзиясы аркылуу тил үйрөтүү” темасындагы семинар-тренингине катышышты. Ал өзү айткандай, ченелүү убакыттын ичинде А.Исмаилов ырдын түзүлүшү, уйкаштык түрлөрү, формалары тууралуу кызыктуу, керектүү “16 түрдүү азыкты” отургандарга тартуулады. Акындын сабагы орто, кичүү муундагы калемгерлерге үзүмчүлүк мезгилдеги сары майдай жагымдуу болду. Бул күнү кечинде Чыныбай Турсунбеков 5-мааракелик поэзия фестивалынын расмий жабылышы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп, ал концерт менен коштолду. Фестивалдын жабылышында жеңүүчүлөрдүн аты-жөндөрү аталып, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Калыстардын чечими менен баш байгенин ээси Бегайым Нурлан кызы 100 миң сом, 1-орунга татыктуу болгон Гүлүмкан Исаева диплом, 40 миң сом, 2-орунга татыктуу делген Эркинбек кызы Мээрим, 30 миң сом, 3-орунга Бектемир Асылбеков диплом, 20 миң сом, 4-орунга татыктуу болгон Мирлан Аскаров диплом, 20 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Ошондой эле көркөм окуу сынагына катышкандардын ичинен Ч.Турсунбековдун “Кызыл короз” ырын эң мыкты көркөм окугандыгы үчүн 1-орунга татыктуу болгон Айтунук Бучуковага диплом жана 20 миң сом, 2-орунга татыктуу делген эки конкурсантка диплом жана 13 миң сомдон, 3-орунга татыктуу делген 3 конкурсантка диплом жана 10 миң сомдон сыйлыктар да берилди.
Кайтарыбызда Ч.Турсунбеков фондунун жетекчиси Нуржан Тентимишова бардык катышуучуларды жылуу узатып, келерки фестивалга чейин аманчылыкта болуубузду тиледи. Ичимен “Чыгармачыл адамдарга башка ишкер, бизнесмендер тарабынан да ушундай камкордук болуп турса көңүл көкөлөп, дагы сонун чыгармалар жаралбайт беле” деген ойго жетелендим.
Мелис СОВЕТ уулу,
“Кыргыз Туусу”
Мелис мырза мыкты баяндапсыз.
Поэзия фестивалынын өмүрү узун болсун.