(Башталышы өткөн санда)
Ал жолугуу көп күттүргөн жок. Ошто кербен сарайда элге тамаша кылып отурган жеринен чабарманы издеп таап, Арстанбекке датканын салам дубасын жолдоду. Көктөн издегени жерден табылып, кадимки Алымбек менен жолуга турган күн да жакын келип турду… Бул жолугуш тагдырындагы көп нерсенин башын ача турган жолугушуу экенин сезип турду Арстанбек. Болгону он алтыда жашы болсо да алда недей тагдыр менен Анжиянды аралап, эми алдыда кадимки Алымбек датка менен жүз көрүшүү вазипасы турду…
Арстанбек атактуу датканын Мадыдагы өргөсүнө келип түштү. Кол беришип учурашып, ал жай сурашкан соң атын алыстан угуп, бирок бир да жолу жүз көрүшпөгөн Алымбектин не адам, не инсан экенин өз көзү менен көрүп, баа берип, купулуна толуп, ичинен ыраазы болуп отурду акын. Быжыгыр чокчо сакалына, кыйгачтата серпилген кыл мурутуна анча-мынча ак аралашкан ажарлуу да, абройлуу да датка Арстанбектин сынына куп толуп, аны менен баарлашкысы, пикирлешкиси келип турду. Адегенде кадимкидей жай сурашып, аркадагы калайык-калктын турмуш-тиричилигинен кабар алган соң, датка атагы бүтүн Анжиянга жайылып кеткен аркалык акындын өнөрүнө кулак салгысы келгенин ишаарат этти.
– Арстанбек иним, аркадан келген чоң акын, комуз менен ырдаганда кимди да болсо алдыга салбаган катта ырчы деп угуп атабыз. Кана эмесе, өнөрүңүздү көрсөтө отуруң, –деди датка конок ырчы эмне айтса да ыклас менен, урмат менен укканга даяр экендигин байкатып.
– Куп болот, даткам. Анда эмесе адегенде бир аз кадимден калган кары күүлөрдөн баштайын, анан барып, санат ырдан айталы,– деп Арстанбек жеңин түрүп, тамагын жасап, датканын такилибине жооп этүүгө камынды. Баятан бери даткадан бир ооз кеп күтүп отурган Арстанбек комузун колуна алып, бир сыйра чертмегин секин кыңгыратып, үч кылын кыябына келтирип күүлөп алды. Демейде чоң күүлөрдөн чертээрде, жеке өзүнүн кайрыктарын сайратаарда ошентип комузунун кылын текшерип, керек болсо кулагына жакын кармап тыңшап калчу адаты ушул.
Мына эми Арстанбек ырдын нөшөрүн жаадырып, күүнүн күүсү кандай болоорун көрсөтмөккө киришти. Ансыз деле баятан бери ушуну күтүп отурган акын комузун түркүн-түмөн кубултуп, алды менен кары күүлөрдөн кетти, андан соң ак ниети менен кызыл тилин сайратты. Адегенде Алымбектин өзүн айтты, андан соң Ысык-Көл менен Нарындын тегерегинде турукташкан эл–журттан салам жолдоду. Кырк уруу кыргыздын ата–тегинен кеп салып, бир сабак санжырадан төктү, баарыбыз бир атанын балдарыбыз, бир журт, бир калкпыз деген сөздү акын жамгыр кылып жаадырды…
Алымбек датка акын деген ушундай болоорбу, чертсе ушундай чертээрби деп, Арстанбектин сайрагандарын берилип да, түшүнүп да укту.
Кээ-кээде:
– Ап бали, мына комузчу, мына черт-мекчи! Чертсе ушундай чертсин, ырдаса ушундай ырдасын , – деп датка чын ниетинен кош болуп отурду.
Датканын өргөөсүнөн кур чыкпайт деп, алайлыктар акындын астына келишкен тобурчакты туура тартышты. Ыйыгына Оштун кашкарлыктар кармаган жайма базарынан алынган бияз чепкенди жабышты. Ошондо көрдү датканын көрөр көз зайыбы Курманжанды. Ага карап сөз айтканда Алымбек көбүнчө “Курман” деп сүйлөгөнүн байкады.
Ошондон баштап ак таңдай акын Арстанбек атактуу датканын нөкөрлөрүнүн бири болуп, Алай менен Аксыны аралады, Анжиян, Коконго түштү. Айрыкча Анжиянды кыдырып, өзбек, кыргыз аралаш жашаган атактуу шаарды бир эмес, бир нече жолу көрүп бакты. Эл көрүп, жер көрүш деген эмне экенин дагы бир жолу сезип, баягы Молдо-Тоонун ашуусунан тээ-тетиги тоолордун ары жагына да өтсөм, ошол жактагы эл менен, ал элдин кулк-мүнөзү, турмуш-абалы менен таанышсам деген тилеги минтип кабыл болгонуна шүгүр айтып жүрдү Арстанбек. Акындык бакыт, акындык өзгөчө мартаба эмне экенин Анжиянды, Ошту, Алай менен Аксыны аралап жүрүп накта сезди Арстанбек…Мындан кийин ал Ат-Башы менен Нарынга эле эмес, Анжиян менен аркага тең ырчы экенин, жалпы журтка бирдей комузчу, төкмө экенин эч бир эстен чыгарбады ак таңдай.
Туура он алты жашымда,
Алымбектин кашында,
Аралап Аксы көргөмүн,
Жер соорусу жарыктык,
Аулетим тоосуна,
Кожожаш учкан зоосуна.
Абайлап көңүл бөлгөмүн.
Пача-Ата суусу жарыктык,
Бутуңду салсаң муз болот.
Суусунуң кана жутканда,
Ичиң муздап, кыш болот.
Арчалары түз болот,
Көлөкөлөп уктасаң,
Ак жайдын күнү күз болот.
Кызыл-тазыл кийинип,
Кечке маал болгондо,
Шынаарлашып кыз-келин,
Жеңелерин жетелеп,
Бирине-бири эркелеп,
Токойдун ичи жыш болот.
Кара чачтуу моймол кыз,
Кашын серпип койгондо,
Калдактап ичиң тыз болот.
Кайкалап басып кеткенде,
Кара жаның чок болот.
Ал айтканың дагы чын.
Шайыры көп эл болот.
Шакылыктап бүт күлүп,
Айткан сөзү кер болот.
Кодура талдай жанашып,
Биринен-бири талашып.
Ырчымын деген көп болот, – деп ырдады бул тууралуу кийинчерээк Арстанбек.
Бирок акындын жүрөгүн өйүгөн, уктаса тынчтык бербеген бир көйгөй турду. Ал көйгөй келгенине бир айдан эбак ашса да, сарбаздардын кароолунда үйдөн чыкпай, барымтада жаткан эл жакшылары, алардын арасында өз атасы Буйлаш бий эле… Алымбектин урматчыл мамилеси, эл аралап, ат бастырып жүргөндө такай аркадан келген зор акын деп жанында ала жүргөнү Арстанбекке чын эле жол ачкандай, шарт бергендей болуп турду. Алыстан ат арытып, жол карытып келген жакшыларды абактан чыгарып коюңуз деп суранып көрсөмбү деген ойго түрттү. Ошентип бир жолу чай үстүндө, жыты буруксуган ысык палоонун четинде отуруп, Алымбектин аброюн, Анжиян эле эмес, аркада да аты таалим, бийлиги маалым экенин саймедиреп келип, датканын адилеттигин, айкөлдүгүн белгилеп, эшик-төрүңүзгө келип отурган меймандарыңызды жылуу сөз менен иттен чыгарып, келген жагына узатып койсоңуз кантет, даткам, деп сурана кетти Арстанбек. Акындын сөзү, суранычы ушунчалык таамай, ошону менен бирге жөндүү, мунасалуу болгондуктан Алымбекти ойлонтпой койгон жок. Ойлонду. Акындын адилет кеби аны толук ынандырды. Алыстан келген бийлер менен манаптарды кандай тосуп алса, ошондой узатып коюну туура көрдү. Конок катары ызаттап, белек-бечкегин камдап, жолго салууну буюрду.
Арстанбек ошондон баштап Алымбектин ордосундагы сыйлуу конок болду. Жаш ырчы он алтыга жаңы толгонуна карабай аны Кокондун азирети ханына да бет келтирип, не деген акын, шайыр экенин ооз батыра айтып жүрдү Алымбек. Акындык, комузчулук аты бүтүн Анжиянга, Алай менен Аксыга дүңгүрөгөн жаш Арстан астына кандай акын же комузчу келсе да Нарын дайрадай ташкындаган таланты менен таң калдырып, жеңилгенин жеңип, жеңилбегенин жакшы сөзү менен жолго салып жүрдү. Качан болсо сыйчыл, урматчыл Ош, Анжиян, Өзгөндүн эли ар бир жолу аны урматтап конок алып, аттап–тондоп, качан болсо төрдөн орун берип жүрүштү.
Коконго барып жашымда
Кыпчактардын ыктуусун,
Ордо хандын мыктысын,
Бирден терип ырдадым,
Кыйлаларын сындадым,
Комузда күү чертиштим,
Анжиян, Кокон аралап
Ырчылыгым дааналап,
Кайта келдим пааналап, – деп акын ал учурун далайга эскерип жүрдү.
Ошентип жүрүп жыл айланды. Жашы он алтыдан он жетиге жаңы караган Арстанбек бир жыл ичинде дагы жетилди, көп нерсеге көзү канды. Акын катары, төкмө катары бышты. Ошону менен бирге толугу менен өзгөрдү. Анткени Кокондун акыбалын көрдү, түштүк элинин оокат-тирлигин жакындан таанып билди, эл ичиндеги нечен түрлүү сөздөрдү эшитти. Бийлердин да, бектердин да пикирин, ал-жайын аңдады. Кокондун эмне деген дөөлөт экенин, анын талуу жери кайсы экенин, келечек-келимин кошо түшүндү. Аны айрыкча Алымбек датканын алыс-жакында жашаган журттар, дөөлөттөр тууралуу ой-пикирлери таасирлентпей койгон жок. Ошол Кокондо жүрүп “орус” деген сөздү көп укту. Ал сөздү Ысык-Көлдүн жакасына келгенде деле уккан эле. “Орус” деген дөөлөттүн азуусу кере карыш, укуругу узун, чабыты чексиз экендигин мурда деле эшиткен болчу, бирок Ош менен Анжиянда ого бетер кулагына сиңди. Ал эмес ошол азуулуу орус дөөлөтү кошуна казактардын султандарын эбак эле колго алып коюптур, орустун мөөрү басылмайынча чычкан ийининен чыга албайт имиш деп да уккан. Бирок ошол өңү сары, көзү көк орустан кыргыз менен өзбекке да коркунуч келээрин, ал дөөлөттүн Кокон менен Букара эле эмес, түп Бээжинге чейин сураганга шаасы жетээрин ушул Кокондун тегерегинде, Ош менен Анжиянда жүрүп бир эмес, көп жолу өз кулагы менен укту. Орус жөн эле келбейт экен, келсе жоо жарагын шайланып, казан-аягын жүктөй келет экен деп да кулагы чалды. Бирок ошол азуулуу жоодон кантип сактанып, кантип оторчулуктан баш калкалоо керектигин Кокондо да эч кимиси болжой албаганы Арстанбекти таң калтырды. Кыйды замандын кай жакка кылт этээрин алдын ала билген акылман, көрөгөч чынында да ал чөлкөмдө жок эле.
Бирок, кудайдын кудурети, акындын жан дүйнөсүн астын-үстүн кылып, жүрөгүнө ысык от чачкан эч бир күтүлбөгөн жаркын окуя анын маңдайына жазылыптыр… Күтүлбөгөн жерден көңүлүн көккө ыргыткан бул иш кудум Пача-Атанын боюнда, Аксынын жай-лоосунда акындын бешенесине буюрат деп ким ойлоптур…
…Датка келет деп, шар аккан суунун жээгине тогуз канат ак өргө тигип, Аксынын төбөлдөрү мейман тосуп топурап аткан эле. Датканы жандаган топтун арасында аркадан ооп келген чоң акын, залкар комузчу деген атакка конгон Арстанбек да бар. Бир маалда акынды датканын үстүнө чакырып атышат дешти. Ансыз да Алымбектин көңүлүн көтөрүүгө болгон аракетин жумшап отурган бектер менен бийлер тез эле сөз байлыгы түгөнгөн сыяктуу. Мындайда акындан, ырчыдан өткөн кишини табыш кыйын эмеспи.
Кыдырата отурган эл жакшыларына ийилип салам айтып, Алымбектин катарында отурган төрт кишиден кийин сыйлуу орунга көчүк басып, ал күнү Арстанбек элдин моокуму канганча кызыл тилин сайратты. Улам, улам “бали” деп сүрөөгө алган улуу–кичүүлөргө ырахматын айтып, бир оокумда дем алыш жосунун кылып сыртка чыгып, кызматтагы жергиликтүүлөр менен кеп, сөз алышып туруп калганы.
Ошо маалда Арстанбек менен кошо басып, жандап жүргөн Кошмат аттуу алайлык жигит табышмактуу шыбырап:
– Арстан ака, төмөнүрөөк тарапта боз үй бар экен, сиз менен ошол жерге токтой турган болдук, жүрүң, – деп калды.
– Кайра издеп калбас бекен чоң үйдөгүлөр?–бир аз кылчактады ырчы.
– Жо–жок, кадырыңыз жан болсун, азыр мейман чыгыш кылышат, андан соң меймандар да тарай турган болуп туру.
– Жарайт анда, бастыралы. – Арстанбек астына туура тартылган аттын үзөнгүсүнө бут салды. Ага арналган боз үй айылдын төмөн четиндеги жапайы алчалардын арасына тигилген экен. Эмнеси болсо да эс алалык, эртең кайра Ошко, андан ары Гүлшаага жол алабыз, сапарыбыз алыс деп жаңы эле үйгө баш бакканда, эс алууга али эрте экенине көзү жетти акындын. Эмне эле жанараакта Кошмат көзүн жылтыратып бир нерсени кулагына шыбырап атканын эми түшүндү Арстанбек.
Төргө орунду бош калтырып, дасторкон четинде өзү курактуу, балким бир аз улуураак бир нече жигит-кыздар отурганын көрүп, аргасыз акындын жүзүн жылмаюу аралады. Мейман дегенге ашкере астейдил аксылыктар ал жерден да ысылык даярдап, дасторкон жайып күтүп отурушуптур. Арстанбек эшиктен кирээр замат баары ордунан тура калышты. Чай сунулду. Ден соолук, эсенчиликтер суралды. Ошол дасторконго ийе отуруп, көөкөрдөн кымыз сунган эки бойго жеткен кызга жигиттик куракка жаңы келген жаш ырчы көз кырын салбай коюшу эч бир мүмкүн эмес эле. Жай сурашып, бир сыйра даам татылган соң оюн-шоок эңсеп зеригип отурган Аулетимдиктер Арстанбектин керегеге жөлөнгөн комузунан көз албай, коногубуз чертмегин бир колуна кармап койсо дегендей тилегин байкатышты. Аны дароо сезген жаш ырчы карап турчубу, комузун алып бир сыйра күү чертти, андан соң шаркырап аккан сууну айтып, шааниси ашык тоону айтып, Пача-Атанын касиет даарыган капчыгайын жаңшап, анан отурган келин-кыздарга тамаша аралаш азилин айтып өттү. Ошондо барып, береги кашына билинээр-билинбес осмо коюп, элечегин чечпей отурган кыз кечээ кечинде датка отурган өргөдө да чоң чаначтан кеселерге кымыз куюп отурганын эстеди. Улам өйдө туруп, сыртка чыгып кайра кирген сайын шагыраган кооз чолпусун сонун бир кыймыл менен соорусуна ыргыткан селкиге эми жакшылап көз токтотту. Абай сала байкап отурду. Кызматтагы кыздар бири-бирине кайрылып, атын атаганынан улам бул башкача жароокер көздүү, алмадай болгон ак жүздүү перинин аты Пазилат экенин боолголоду. Же сүрдөгөнү же тартынганы белгисиз ар качан кымырына, кымсына отурган айым эмнегедир акынга бир кадам жакындай, тааныштай көрүндү. Көзүнө көзү урунганда кыздын кареги бир башкача жалт эте түшкөндөй, бир нерсени айтсам деп, бирок айтканга себеп таппагандай, тартынгандай сезилди. Арстанбек комузун кайырган сайын бүт дилин төшөп тыңшап, ырга өткөндө аппак жүзү саал нурданган сыяктанып, акындын ар бир толкунуна кошо термелип отурганы байкалды. Пазилат, Пазилат… Же Базилатпы? Кийин сыртка чыкканда коштоп жүргөн Кошматтан атын тактап алайын деп ойлоп койду Арстанбек.
Баарынан кызыгы, комуз далайга чертилип, андан соң ыр бүтүп, сыртка чыкканда болду. Эшиктин астында ийрилип аккан Пача-Атанын бир тарамынан ары-бери өтүш үчүн салынган аттамактан аркы тарапка аттап өткөн кыздар, жигиттер бирин-бири таяп, колдон тартып, эптеп өтүп жатышты. Бирөө тайгаланып кетип, бутун сууга салды. Кантип өтүшөөр экен деп жаалап карап турган жигиттерден тартынып, кызматтагы эки кыз калтаарып жээкте турат. Аны көргөн Арстанбек ак элечекчен кызга жардам этейин деп кол суна койбоспу. Ошону эле күтүп тургансып, Арстандын сунган колун бекем кармай тартып, элечегинин учун жыя кармаган ак жүздүү кыз аттамактан кудум күзгө маалкы жаш эликке окшоп секирип өтсө болобу… Жаш жаны ошого түрттүбү, же өзү да байкабай калдыбы, айтор, жыгылып кетпесин деген ой менен Арстанбек кызды бери аттаганда белинен таяй калды. “Ой, кудай сакта” деп шыңк этип, Пазилат суудан бери аттаганда акынга бою, бели кынала түшкөнү… Дагы көзү көзүнө жалт этти. Ошол бакырайган кара көз акындын жүрөгүн жарып өтүп, далысынан чыгып кеткендей эле. Ал жөн эле көз эмес, акылдуу, жароокер, Арстан эбактан издеп жүргөн, таппай жүргөн, эңсеп жүргөн көз болчу…
Эки жаштын эптүүлүк менен заматка кыналыша түшкөнүн карап тургандар байкабай коймок беле. Баары байкашты. Бирок байкашса да байкамаксан болуп уялтышкан жок.
Ошол түнү Арстанбектен уйку качты. Кошматтан сурап, кыздын аты чын эле Пазилат экенин билди. Башы бош, турмушка чыга элек деди Кошмат. Ичинен жым дей түшкөн ак таңдайды кайра муздак суу менен баштан аяк куюп ийгендей Кошмат:
– Бирок кудалап койгон жери бар экен. Атасы Аулетимге кадыры-баркы өткөн, тууган-уруктуу, бардар киши дешти. Пача-Атага атайын акыл-эстүү, киши тосконго баарын түшүнгөн парасаттуу кыздар деп атайын алдыртышыптыр. Бүгүн датканы конок алгандар ошол Аулетимдиктер экен, – деп кошумчалады Кошмат. Сыягы, Кошмат аркадан келген комузчу ак элечекчен суйсалган Пазилатка дароо көңүлү түшкөнүн байкап, кыздын ал-жайын алдын ала сурап-билип койгон шекилдүү.
Ошол боюнча Арстанбек эч бир үн катпады, кошо жүргөн Кошматка башка бир да сөз айтпады. Менден кызганып атайын түңүлтүп атабы деп да ойлоп койду. Бирок ушул ичи-койнун эңшерип кеткен эки көздү эми эч качан унутпай турганын беш колдой билип жатты Арстанбек уйку-соодо. “Менин башынан кыйгач түшкөн тагдырым ай…” Шуу улутунду ак таңдай.
Эртеси көзү менен издегени эле баягы Пазилат болду. Көзүнө Пача-Атанын шаркырап аккан көк буурул суусу да, өзү кийин ырга салган “көркөмү артык Аксынын тоо-
су” да көрүнбөдү. Кудайга миң мертебе ыракмат, кемеге тарапта бир нерсе жасап, идиш-аяк чайкап, Арстанга кечиндегидей бир жалт карап алып, алмадай жүзүн күлкү чайыган Пазилат жүрдү. “Оо, жараткан, жүрөгүмүн бир жартысы ушул Пача-Атанын боюнда калмак беле” деп ичинен жакасын карманды Арстанбек. Тагдырдын жазганы ушу беле… Ушул пери Эки Нарындын боюнан эмне жолукпады экен? Жуукунун катар-катар тизилген аппак үйлөрүнөн неге кылт деп караанын көрсөтүп койбоду? Акшыйрак менен Молдо-Тоодон эмнеге көзүмө чалынбады…
Аксыдан кайра Ошко келгенден кийин акындын ою менен пикирин ээлеген, отурса-турса эч бир көңүлүнөн чыкпаган, элеси ар дайым көз алдында турган бир гана адам – Пазилат эле. Анын ар бир жылмайганы, ар бир көз карашы, суудан аттагандагы “Ой, кудай сакта” деп Арстанга кыналыша калганы, колу колуна тийип, ошол тийген жери бүт денесин дүркүрөтүп, жүрөгүн куйкалап кеткени – эч нерсе унутулган жок. Эми Пазилатсыз жашай албасын, аны көрбөсө тамагынан аш өтпөсүн, бу илме кайып дүйнөнүн эч даамы болбосун сезип, билип жүрдү. Аны ачык айтып, сырын бөлүшө турган бир эле киши бар эле – ал Алайлык курдашы Кошмат болчу. Бир аптадай ырдабай да, комуз да чертпей, кабагы ачылбай, атүгүл өңүнөн азып, шапая түшкөн Арстанбектин ички сырын билип, туюп турган бир гана Кошмат болчу.
Бир күнү ошол ички оорусун, кусалыгы менен сагынычын Кошматка ачык айтууга туура келди. Ошону Кошмат деле билип, качан айтаар экен деп күтүп жүргөнбү, Арстан ооз ачаар замат мындай десе болобу:
– Арстан мырза, андай болсо датка Коконго аттанууга даярданып атат, жөнөп кетээр замат түнү менен болсо да барып келе калалы Аксыга, – десе болобу.
Акын көктөн издегени жерден табылгандай кубанып кетти:
– Ырахмат, Кошматжан. Сиз кандай десеңиз, жаным менен макул дейм. Азыр десеңиз азыр да жөнөп кеткенге даярмын.
Арстанбек кадимкидей жанданып, жүзүнөн күлкүсү төгүлүп, сүйүнүп жүрдү.
Алымбек датка үч нөкөрү менен Коконго аттанаар замат, Кошмат экөө эки күн катары менен сууткан аттарды жемге тойгузуп, ээр токумдап, таң куланөөк салаары менен жолго чыгышты. Кечки намазга отураар маалда Көк-Жаңгакка келишип, Кошматтын баргы туугандарынын биринин боз үйүнө аттан түшүштү. Тууганы суу бойлото шалы айдаган жатакчы бүлөлөрдөн экен. Жылуу чай ичишип, тынч уктап алышты. Эртеси таң азандан Аулетимге аттанышып, дагы да болсо колдон суурулган өткүр Кошмат жергиликтүүлөрдөн кимдир-бирөөсүн таап, Пазилатка жашыруун кабар айттырды.
“Макул келем…” дептир Пазилат. Арстанбек көп замандан бери анчалык кубанбаган эле. Кошматка ушунчалык ыраазы болуп, улам-улам кыса кучактап, ал эмне айтса ошого макул этти. Чыныгы датканын жан-жөкөрү кандай болоорун ошондо бир билди Арстанбек. Эгер Пазилатты атка өңөрүп, Алайга алып кетели десе, аны деле камырдан кыл суургандай аткара турган кебетеси бар бу Кошматтын. Баарынан да Арстандын кусалыгын, ички күйүтүн жаны менен сезип, Аксыга коркпой-этпей сапар тартканы үчүн кантип ыраазычылыгын айтаарын билбей турду Арстанбек.
…Бул жолугушуу бир адамдын өмүрүндө бир гана жолу боло турган жолугушуу эле. Аттарды алысыраак жерге аса байлап, Арстанбек менен Кошмат суу боюндагы кайың, тал аралаш кайырмадан жүрөктөрү дүп-дүп согуп, Пазилатты күтүп отурушту. Кошмат мен аттарга көз салып, аз да болсо откоруп турайын деп Арстанбекти жалгыз калтырды. Кудай жалгап, акыл–эстүү Пазилат атайын Оштон келген жигитин узакка күттүргөн жок. Бел курчоодон бир аз бийик өскөн камыш аралаш чөптүн арасынан эки жагын карап элеңдеп, кыз бери чыкканда ансыз да жүрөгү кабынан чыга тургандай толкуп турган Арстанбектин көзүнө Пазилат эмес, кыз кейпиндеги периште суурулуп чыга келгендей сезилди. Башына ар кандай шуру, мончоктор кадалган кызыл-жашыл Кокон такыя кийип, ак шайы көйнөкчөн, жашыл кемселчен келиптир. Баарынан да капкара олоң чачын эки бетин жапкандай кылып майдалап өрүп, чачуштугун көкүрөгүнө түшүрүп алыптыр. Пазилаттын жутуп ийчүдөй сулуу экенин Арстанбек биринчи жолу бет келише көрүп, суктанып да, таңданып да турду.
– Пазилат… эсен-аман жүрөсүңбү? Ата-энең аманчылыкта турушабы? – бир аз сүрдөгөндөй учурашты Арстанбек. Учурашаар замат Пазилатка жакындай басып, секин колунан кармады. Бул жолугушуу биринчи да, акыркы да жолугушуу болоорун жүрөгү сезип, ашыкча тартынчаактык кылбаш керектигин билип турду… Муну Арстанбектен кем эмес зирек, акыл-эстүү Пазилат да билип тургансыды.
– Шүгүр… – Пазилат эмнегедир Арстанга тике карабай, тартынгандай эрдин тиштеп, анын сунган колун колу менен комсоороок кармады. Бул колду ушуну менен экинчи ирет кармап аткан эле Пазилат… Биринчиси кереметтүү Пача-Атанын боюнда, аттамак аттаганда… Эми дагы качан Арстанды көрөм, а балким экинчи жолу көрбөсөм не болот дегендей, бара-бара кармаганы бекемдеп, кетирбейм эми дегендей Арстандын колун эки колдоп катуураак кармады. Жашы он алтыдан он жетиге караса да Арстанбек эч качан чындап кыз жандап, ээн жерде жолугуп, кыз кучактап, кыз сүйүп көргөн жан эмес эле… Биринчи жолу Пазилатты кучагына имере тартып, чачынан акырын жыттады. Кыздын денесин билинээр–билинбес калтырак баскандай сезилди. Экөө жанаша турганда кыз ордунан теңселе түшкөндөй болуп, ансайын Арстандын колун бекем кармап, кудум баягы Пача-Атанын суусунан аттамак менен аттагандагыдай кынала түштү.
(Уландысы бар)
Осмонакун ИБРАИМОВ