whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
-1.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭлектрондук тамеки пайдалангандар жазаланат

Электрондук тамеки пайдалангандар жазаланат

1-июлдан тарта Кыргызстанда электрондук тамекини колдонууга жана сатууга тыюу салынат. Мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 22-ноябрында кол койгон.

Маалыматта билдирилгендей, мыйзам жарандардын ден соолугун жана бакубаттуулугун никотинди камтыган электрондук тамекини колдонуудан коргоону камсыз кылуу максатын көздөйт.

Ага ылайык, электрондук тамекини колдонгон жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып салынат. Ал эми аны саткан жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып каралган. Электрондук тамекини ири өлчөмдө ташып келгендер эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же бир жылга чейин белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыроо менен 100–120 миң сом айыпка жыгылат.

Ири же өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосун үчүн 150–200 миң сомго чейин айып салынат же эки жылга чейин белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыроо менен 1-2 жылга эркинен да ажыратылат.

Мыйзам долбоорун депутаттар Шайырбек Ташиев, Алишер Козуев, Бекмурза Эргешов, Айбек Маткеримов Марлен Маматалиев жана Аида Исатбек кызы демилгелеген.

Өлкөдө 2021-жылдан тарта коомдук жайларда кальян, тамеки жана электрондук тамеки чегүүгө тыюу бар.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар