Башкы беткеМаанилүүШайлоо: саат 18:00гө чейин шайлоочулардын 30,99 пайызы добуш берди

Шайлоо: саат 18:00гө чейин шайлоочулардын 30,99 пайызы добуш берди

Добуш берүү өлкө ичинде жана чет мамлекеттерде ачылган шайлоо тилкелеринде тынч жана уюшкандыкта уланууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, саат 18:00гө чейин шайлоочулардын 30,99 пайызы добуш берип үлгүрдү. Сан түрүндө бул 1 млн 330 миң шайлоочуну түзөт.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макиловдун билдирүүсүнө ылайык, өлкө боюнча ар бир шайлоо тилкесинде тартип коргоо кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздап турат. Учурда мыйзам бузуу фактылары каттала элек.

Мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо 30 көп мандаттуу округдан 460 талапкер ат салышууда. Алардын ичинен 271 эркек, 189 аял талапкер.

Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин уланат.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар