Миллиондон ашык добуш берүүчү шайлоого катышты

Бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө аймагында жана чет мамлекеттерде уюштурулган добуш берүү тилкелеринде шайлоо процесси тынч жана уюшкандыкта жүрүп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтарына караганда, саат 16:00гө чейин шайлоочулардын 25 пайызы, тактап айтканда 1 073 444 жаран добуш берди.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов билдиргендей, шайлоо күнү өлкө боюнча ар бир участокто ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөдө. Анын айтымында, азырынча мыйзам бузуулар каттала элек.

Быйылкы мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 30 көп мандаттуу округдан 460 талапкер ат салышууда. Алардын 271и — эркек, 189у — аял талапкер.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз