Башкы беткеРубрикаларАймактарОрусия Кыргызстандын түштүгүнө кезектеги азык-түлүк жардамын жөнөттү

Орусия Кыргызстандын түштүгүнө кезектеги азык-түлүк жардамын жөнөттү

Ош шаарына Орусия тарабынан гуманитардык жардам катары 121 тоннадан ашуун күн карама майы жеткирилди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, жардам БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу муктаж болгон үй-бүлөлөргө жана аз камсыз болгон жарандарга таратылат. Таратуу иштерине жергиликтүү бийлик органдары да тартылган.

Белгилей кетсек, Россия Федерациясы Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эң ири донору болуп саналат. Акыркы 15 жылда Орусия менен БУУнун өнөктөштүгү аркылуу өлкөдө бир катар социалдык жана өнүктүрүү долбоорлору ишке ашырылып келет. Алардын ичинде улуттук мектеп тамак-аш программасы, өзгөчө кырдаалдардагы жардам жана калкты калыбына келтирүү багытындагы иштер бар.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар