(экинчи макала)
Элибиздин энчине айланган Элдик Курултай эмне үчүн коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган, көпчүлүк үмүт, ишеним арткан элдик институтка айланып баратат. Бул мыйзамченемдүү нерсе.
Мамлекет башчы адилет белгилегендей:“Тарыхка саресеп салсак, калкыбыздын элдик жыйын аркылуу мамлекет куруп, келечекти аныктаган учурлары оголе көп кездешет. Маселен, биздин заманга чейинки X кылымда эле кытай булактарында эскерилген Кыргыз дөөлөтү, биздин доорго чейинки III кылымда хуннулар менен таймашкан мамлекетибиз, Барсбек каган жана анын жолун жолдоочулар башында турган, 840-жылдан тарта “Улуу кыргыз дөөлөтү” атагына ээ болгон каганатыбыздан тартып, берегидеги Мухаммед Кыргыздын, Ормон хан Ниязбек уулунун тушундагы мамлекеттик түзүлүштөргө чейинки тажрыйбабыздын топтолушуна биз сөз кылып жаткан Элдик Курултай негиз болуп берген!
Байыркы көчмөн элдердин жашоо-турмушунда Элдик Курултай мамлекеттүүлүктү, мамлекеттик башкарууну аныктоо, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздоо менен феноменалдык деңгээлге көтөрүлгөн. Биздин ата-бабалар ушул курултай институту аркылуу эл менен бийликти байланыштырып, элди бийликтин чыныгы ээсине айланткан. Андыктан биз анын байыркы уңгусун бузбай, ошол эле маалда заман талабына ылайыктап, калкыбызды олуттуу чечимдерди кабыл алуу иштерине кеңири катыштырууну көздөп жатабыз. Бүгүнкү Биринчи Элдик Курултайыбыз дагы элибиздин, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнүн жолдорун издеген, жалпы калк акылдашып-кеңеше турган Улуттук Улуу Жыйын десек жаңылышпайбыз”.
Андай болгондо, Элдик Курултай куру сөзгө, жеңил баа иш чарага айланбаш үчүн эмне кылыш керек? Дагы кандай кадамдар жасалышы керек? Менимче, мунун жообу жөнөкөй эле. Бул жеке бир эле адамдын иши эмес. Бул жалпыбыздын ишибиз. Мектеп окуучусунан пенсионерге, карапайым жумушчудан, дыйкандан, фермерден мамлекеттик чиновникке чейин Элдик Курултай идеяларын ишке ашыруу үчүн умтулушубуз абзел.
“Элдик Курултай жөнүндө” мыйзамдын 5-беренесинде, “Элдик Курултайда каралуучу маселелерде”: “Элдик Курултай мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен байланышкан жана төмөнкүдөй маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн өткөрүлөт: 1) референдумга коюлган маселелер боюнча сунуштар; 2) коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсүнө багытталган концепцияларга, программаларга, мыйзам долбоорлоруна карата сунуштамалар; 3) өлкөнү руханий-маданий жактан өнүктүрүү; 4) Кыргыз Рес-публикасынын элинин салттарын жана мурастарын сактоо; 5) мамлекет менен диний конфессиялардын өз ара мамилелери; 6) Кыргыз Республикасында адам укуктарынын жана эркиндиктеринин абалы; 7) экологияны сактоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу; 8) региондор аралык жана этностор аралык талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды чечүү; 9) Кыргызстан элдеринин тарыхый, материалдык руханий мурастарын сактоо жана башка маанилүү маселелер” деп ак-карасынан жазылып турат. Демек, мунун өзү Элдик Курултайда элдик маселелер көтөрүлөт жана айтылат, ал айтылган маселелер сөзсүз түрдө аткарылууга жатат дегендик.
Президент биринчи Элдик Курултайдын трибунасынан: “…жаштарга болгон мамлекеттик мамилени түп-тамырынан тарта кайра карап чыгуу-ну ойлонуштуруудабыз. “Жаштар – биздин келечегибиз” деген сөздү көп айтабыз, бирок жаштарга туура багыт көрсөтүп, келечекке болгон көз карашын, мамлекеттик кызыкчылык, улуттук кызыкчылык дегенди айырмалай билүүсүн, коомду кабыл алуусун калыптандырууда, жаштарга камкордук көрүүдө кайдыгерликке жол берип коюп жатабыз.
Мындан ары маселенин ушул жагына терең маани берүү аракетин көрүүдөбүз. Сиздерден да ушул багыттагы ойлоруңуздарды ортого салууну өтүнөт элем” деп Элдик Курултайдын катышуучуларына алардын сунуш жана ой-пикирлерин билүү максатында кайрылса, үчүнчү Элдик Курултайда: “Жарандарыбыздын татыктуу жашоосу камсыздалмайынча, күчтүү мамлекетти элестетүү мүмкүн эмес. Ал эми туруктуу өнүгүүнүн кепилдиги – калктын аярлуу катмарын колдоо болуп эсептелет.
Бул жерде сиздердин көңү-лүңүздөрдү бир нече негизги кадамдарга бура кетейин.
Биринчиден, “Социалдык келишим” долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда. Анда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачуу үчүн акысыз каражат берүү жагы каралган.
Үч жыл ичинде (2022-2024-жылдары) 35 миңге жакын үй-бүлө 100 миң сомдон каражат алып, жалпысынан 3,3 млрд сом бөлүнгөн. Буюрса, 2025-жылы кошумча дагы 20 миң үй-бүлөгө каражат бөлүнүп, алардын жеке ишкердик баштоосуна жана финансылык көз карандысыздык жолуна түшүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп беребиз.
Экинчиден, 2024-жылдын сентяб-
рынан тартып “Социалдык келишим” долбоорунун катышуучулары үчүн колдоонун жаңы механизми – үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейинки суммада пайызсыз насыя берүү киргизилди. Бул баштапкы капитал алууга гана эмес, үй-бүлөлөрдүн кирешелерин көбөйтүү менен башталган бизнесин өнүктүрүүгө да толук мүмкүндүк берет.
Үчүнчүдөн, жетим балдарга да өзгөчө көңүл буруудабыз. 2024-жылдын июль айынан баштап “Келечекке салым” аттуу Жетим балдардын топтолмо эсеби ишке киргизилди. Муну менен биз 2 930 жетим баланын ар биринин жеке эсебине 500 миң сомдон каражат топтолуусуна шарт түздүк. 18 жашка толгондон кийин, алар бул каражатты билим алуугабы, ден-соолугун чыңдоогобу же жашоо шарттарын жакшыртууга колдоно алышат” – деп сөз болгон багытта кеңири масштабдуу иштер башталганынан кабар этти.
Албетте мунун өзү ары кубанычтуу, ары колдоого алаарлык нерсе. Минтип Элдик Курултайда айтылган сөздөр ошол айтылган эле жеринде калып калбай, ишке ашып жатканы кубанычтуу эмей эмне?!!
Дагы бир маанилүү маселе, Президент биринчи Элдик Курултайда көп жылдардан бери улам артка кетенчиктештирилип келаткан маселе административдик-аймактык реформа тууралуу айтканы эсибизде: “Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү убактысы дагы келип калды. Булардын бардыгы өнүккөн коомду куруудагы негизги максаттарыбыз жана жакынкы убактарда аткара турган башкы милдеттерибиздин бири болот деп ишенем.
Учур талаптарына жооп берген, башкаруунун жаңы системасын киргизүү менен административдик-аймактык түзүлүштүн жаңы модели зарыл болуп турат. Ошондуктан “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” деген Жарлыкты кабыл алдык.
Учурда административдик-аймактык реформа жүргүзүүгө даярдыктар башталып, алгач эксперимент-пилоттук аймак катары Ысык-Көл облусунун Түп районун тандап алдык. Бул реформанын алкагында Түп районундагы 13 айыл аймагынын базасында ирилешкен 5 айыл аймагы түзүлмөкчү. Түп районунда жүргүзүлгөн реформанын жыйынтыгы ар тараптан изилденип чыккандан кийин натыйжасы эске алынып, келечекте толук кандуу административдик-аймактык реформа бүткүл республика боюнча ишке ашырылат”.
Бүгүн административдик-аймактык реформа кадыресе эле реалдуулукка айланган. Алгач эксперименттик-пилоттук аймак катары Түп району тандалып алынса, бүгүн бүтүндөй рес-
публикабыздын аймагында админис-тративдик-аймактык реформа ишке ашты. Буюрса, бул реформа ушуну менен гана токтоп калбайт деген
ойдобуз.
Өткөн Элдик Курултайда айрым делегаттар тарабынан облустарды жоюу жана райондорду ирилештирүү идеясы айтылгандай болгон. Эгер ошол идеялар да ишке аша турган болсо, анда административдик-аймактык реформа жарым-жартылай эмес, биротоло ишке ашкан болмок.
Президент үчүнчү Элдик Курултайда азык-түлүк коопсуздугу маселесине токтолуп, “Бүгүнкү күндө азык-түлүктүн негизги 9 түрүнүн 6 түрү боюнча: жашылча, картошка, сүт жана сүт азыктары, эт жана эт азыктары, шекер жана жумуртка сыяктуу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылып калганыбызды”, бирок калкыбыздын 60 пайыздан ашыгы айыл жеринде жашап, көпчүлүк жарандарыбыз айыл чарбачылыгы менен алектенген менен, мамлекет тарабынан башка тармактар сыяктуу эле айыл чарбасына көп жылдар бою жеткиликтүү көңүл бурулбай калганын белгилеп, экономикалык жактан жетишкен мамлекеттердин биринде да 20-25 кг. эт берген койлорду, 150-200 кг. эт берген, күнүгө 5-10 литр сүт берген уйларды кармап, багышпай турганын, минтип мал багуу ага жумшаган эмгектерин актабай турган, кирешесиз ишке барышпастыгын, бизде болсо ушундай койлор менен уйларды малым деп кармап жүрө бергендер арбын экенин айткан.
“Душман сүйүндүрүп айтат, тууган күйүндүрүп айтат” дейт. Президент айтмакчы, биз өзүн-өзү актабаган малды кармоодо кайтарым болбогондон сырткары, жайыттарыбыз талкаланып, экологияга зыян келтирип жатабыз. “Бүгүн өнүккөн өлкөлөрдө орточо 1000-1500 кг эт берген, күнүгө 20 литрден кем эмес сүт берген уйларды, 100-150 кг чейин эт берген койлорду багуу катардагы эле көрүнүш болуп калган”. Андыктан, биз да башка өлкөлөрдөн артта калбайлы десек, мына ошого умтулушубуз керек. Ансыз азык-түлүк коопсуздугун чечүү мүмкүн эмес.
Андыктан, төртүнчү Элдик Курултайдын күн тартибинде айыл чарбасындагы арсар абалды өзгөртүү маселеси кабыргасынан коюлуп, элет жергесин көтөрүү багытында иштиктүү айтылып, жакынкы жылдардан айыл чарбасында бурулуш башталат деген
ойдобуз.
Болотбек Таштаналиев, Кургуз Туусу


