whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек

Эненин ден соолугу- элдик салтта

Жаңы ири эл аралык изилдөөлөр төрөттөн кийинки мезгил аял үчүн эң кооптуу жана аяр учур экенин ырастап жатат. Аялдар төрөттөн кийинки алгачкы жумада депрессия жана психоз сыяктуу психикалык ооруларга көбүрөөк чалдыгышары аныкталган. Бирок кыргыз эли бул чындыкты илим далилдебей туруп эле, кылымдар мурун “кырк күн” салты аркылуу билип, аялды жана баланы сактоо маданиятын калыптандырып койгон.

Илим эмне дейт?

Илимий изилдөөлөр төрөттөн кийинки алгачкы жума ичинде депрессия жана психоз сыяктуу ооруларга көбүрөөк чалдыгарын аныктайт. Molecular Psychiatry журналы, төрөттөн кийинки 5–15 жумалар аралыгында депрессиянын пайда болуу коркунучу кош бойлуулуктан мурунку мезгилге салыштырмалуу 20% жогору болот деп жазды. Ошол эле учурда, психоз оорусуна чалдыгуу коркунучу төрөттөн кийинки алгачкы 5 жумада 6–7 эсе, ал эми 20-жумада 2 эсе жогору экени аныкталган.

“Бэби-блюз” деп аталган жеўил жана убактылуу маанай өзгөрүүлөрүнөн айырмаланып, төрөттөн кийинки психоз – бул олуттуу психикалык оору. Анын белгилерине ар кайсыны сүйлөнүү, галлюцинация, маникалуу абал, катуу кайгыруу жана аў-сезимдин чаташуусу кирет. Же жөнөкөй тил менен айтканда, адамга эч нерсе жакпай, болбогон нерсеге кыжырданып, кыйкырып, бакырып, ызы-чуу жаратуусу мүмкүн. Көп учурда биздин эл мындайга маани бербей, инсандын өзү ушундай дешет. Бирок бул психикалык оору, аны туура дарылоо менен аялдар толук айыга алышат.

Изилдөө Швецияда 2003–2019-жылдары болгон 1,8 миллион төрөттүн маалыматтарына таянып жүргүзүлгөн. Натыйжада, кош бойлуу маалында жаўы психикалык диагноздор азайганы, бирок төрөттөн кийин депрессия жана психоз боюнча оорулар кайра көбөйгөнү аныкталган.

Ошол эле учурда, аялдарда түйүлдүк маалында жана андан кийин тынчсыздануу, стресс жана баўги заттарын колдонуу учурлары мурдагыга караганда азыраак катталган. Изилдөөчүлөр муну биологиялык өзгөрүүлөрдүн жана жашоо образынын өзгөрүшүнүн айкалышы менен түшүндүрүшөт. Мындан тышкары, кош бойлуу кезинде аялдар дарыгерге көбүрөөк кайрылышат, бул алардын психикалык абалындагы көйгөйлөрдү эртерээк аныктоого мүмкүндүк
берет.

Изилдөө авторлорунун бири, Каролин институтунун илимий кызматкери Эмма Бренн мындай дейт: “Биз диагноздордун санынын көбөйгөнүн көрүп жаткан жокпуз, бирок үзгүлтүксүз скрининг көйгөйлөрдү эртерээк аныктоого жана аялдарга убагында жардам көрсөтүүгө шарт түзөт”.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматында, дүйнө жүзү боюнча ар бир 10 кош бойлуу аялдын бири жана төрөттөн кийинки ар бир 8 аялдын бири психикалык оорудан жабыркайт — көбүнчө муну депрессия деп коюшат.

“Кырк күн” салты — илимий камкордуктун байыркы формасы

Илим бүгүн айтып жаткан камкордукту кыргыз эли илгери эле түшүнүп, айымдарга төрөттөн кийинки учурда аяр мамиле жасашкан. Элибизде “кырк күн эс алсын” деген салт — бул жөн гана ырым эмес, аялдын организмин жана жан дүйнөсүн калыбына келтирүүнүн табигый жолу болгон.

Бул мезгилде эне: оор жумуштан бошотулат, жылуу кармалып, таза, ысык тамак жейт, көп конок тосулбайт, туугандары жана жакындары тарабынан көўүл буруу, жылуу мамиле, колдоо көрсөтүлүп турушу керек. Өзгөчө тамак да тандап берилет, мисалы, кайнатылган шорпо, сүт тамактары жана жеўил азыктар, өтө таттуу же куурулган оор тамактар берилбейт. Андан сырткары, аялдын бүт денеси физикалык жактан да чыўалсын деп, жылуу кармалып, муздак сууга тишин жуубоо, колу-бутун да муздак сууга салбоосу каралат.

Төрөттөн кийин алсыз жана назик болуп турган аялдын денесин шамалдап калуусунан сакташат. Бул өтө маанилүү экенин чоў апа, чоў энелер түшүндүрүшүп, жаш энеге камкордук көрүшөт. Чындыгында бул абдан натыйжалуу жагдай экенин учурдагы илимий иликтөөлөр дагы бир ирет айкындап жатат. Мындай шарт илимий жактан алганда да аялдын гормоналдык тең салмактуулугун сактап, стресстен жана депрес-сиядан коргойт. Бүгүнкү күндө медицина бул камкордук — “төрөттөн кийинки депрессиянын алдын алуунун эң маанилүү бөлүгү” экенин ырастап отурат.

Баланын кыркын чыгаруу жөн жеринен эмес

Кыргыздар үчүн баланын кыркын чыгаруу кылымдан келаткан салт. Бул салт кээ бир жерлерде баланын кыркын бекитүү деп да айтылат Эне менен баланы “кырк кашык суу” менен жуунтуу, күмүш салып тазалоо — бул жөн гана ырым эмес, гигиеналык жана руханий тазалануунун символу. Андан кийин бала бешикке салынып, жашоо кадимки нугуна өтө баштайт. Албетте, бул убакыт аралыгында эне менен бала психикалык жана физикалык оор мезгилден өтүп, бүт денелери чыўалып калат. Медициналык көз караштан алганда аялдардын денеси жана жатыны төрөттөн кийин өз калыбына келип калаары айкын.

Бул салт бир эле аял менен баланын ден соолугуна багыт албастан, алардын руханий абалына, аң-сезимине жана бүтүндөй үй-бүлөнүн тынчтыгы жана бактылуулугуна багытталган.

Элдик салттын сабагы

Кырк күндө кырк коркунуч” — деп кыргыз бекеринен айткан эмес. Бул сөз төрөттөн кийинки мезгилдин өзгөчө жоопкерчиликтүү экенин жана аялга кам көрүү зарылдыгын эскертип келет. Азыркы илимий маалыматтар да дал ошол нерсени айтып жатат — төрөттөн кийинки алгачкы жума жана ай аялдын жашоосундагы эн маанилүү жана кооптуу учур.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, ар бир 8 аялдын бири төрөттөн кийин депрессияга кабыларын жогоруда айтып өттүк. Мындай көрсөткүчтөр Кыргызстанда да аныкталып келет, бирок көп учурда жаш айымдар өзүнүн саламаттыгына жетишерлик кам көрө албай, психикалык жактан жабыркаган кезде да ооруканаларга көп кайрыла алышпайт.

Айрым кайын журт же башка жакындарынын таасиринен жаш энелер өз оюн ачык айтпаган учурлар бар. Бул коркунучтуу, башында билинбеген оору кийин көбөйүп, эненин ден соолугуна кедергисин тийгизүүсү толук ыктымал. Жалпы элдин саламаттыгы, мыкты, билимдүү балдарды тарбиялоо, өлкөнүн келечектеги өнүгүшүн каалаган ар бир мамлекет, эл жана коом, эң биринчиден жаш энелердин саламаттыгына өзгөчө көңүл буруусу абзел.

Ден соолугу бекем аял гана, ден соолугу чыў балдарды төрөп, чоңойтуп, үлгүлүү үй-бүлө кура алаарын унутпасак.

Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
«Кыргыз Туусу»

 

Акыркы гезиттер

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика жана менеджмент кесиби...

Сартбаевдердин династиясы: педагог, дизайнер, химик-биотехнолог

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракелик иш-чарасынын алкагында жана Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата профессор Каратай Сартбаевдин 95 жылдыгына, академик Болот Каратаевич Сартбаевдин 70...

Узак жашоонун сыры

Адистердин айтымында, узак жашоонун төмөндөшүнө экономикалык оор шарт, сапаттуу медициналык тейлөөнүн жетишсиздиги, туура эмес тамактануу, стресс жана экологиялык көйгөйлөр таасирин тийгизет. Айрыкча, жүрөк-кан тамыр оорулары, диабет жана...

Таштанды — көйгөй эмес, мүмкүнчүлүк

Кыргызстан — тоолуу, суусу мол өлкө. Бирок акыркы жылдары электр энергиясынын жетишсиздиги түйшүккө салып келет. Айрыкча кыш күндөрүндөгү абал баарына белгилүү. Мындай учурда альтернативдүү энергия булактарын издөө...

Турдакун Усубалиев: «Мен өз элим, өз өлкөм үчүн эмгектендим»

Турдакун Усубалиевдей жетекчи оңой менен жарала бербейт. Андай адамды кыргыз эне дайыма төрөбөйт. Асанбек Стамов.        Эки инсанга, ошол ишке аралашкан жогорку даражадагы айрым жетекчилерге, изилдөөчүлөргө гана жакшы...

Кыргыз журналистикасынын алпы, кызыл тилдин чечени

Тилектеш Ишемкулов дегенде идеологиялык “фронттун” күжүрмөн жоокери, кыргыз совет журналистикасынын акыркы алптарынын бири, кызыл тилдин чечени элестейт.Идеологиялык “фронт” дегенибиз, Тилектеш Ишемкулович 1963-1965-ж.ж. – Жети-Өгүз райондук комсомол комитетинин...