Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаОозеки сонун, иш жүзүндө башка

Оозеки сонун, иш жүзүндө башка

Кечээ жакында эле Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин коллегиялык жыйыны болуп, анда биринчи жарым жылдыкта аткарылган иштер боюнча отчет берилди. Тагыраак айтканда, жыйында айыл чарба продукциясын өндүрүү жана экспорттоо көрсөткүчтөрү, сугат суу менен камсыздоо иш-чаралары жана ирригациялык системаларды жакшыртуу боюнча аткарылган иштер, айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү жана дыйкан-фермерлерге берилген колдоолор, кайра иштетүү өнөр жайындагы жетишкендиктер жана инвестиция тартуу боюнча аракеттер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана агрардык бөлүмдөр менен болгон өз ара аракеттер боюнча кеңири отчёттор угулду. Бул жыйында быйылкы алты айда айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүмү 120 млрд. сомго жакын болгону да айтылды. Министр Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча системалуу реформалардын жүрүп жатканын да баса белгилеп өттү.

Ага чейин аталган министрликтин басма сөз кызматы быйыл Кыргызстандагы кургакчылыкка карабай сугат мезгилинде дыйкандарга жалпы 7 млрд. куб сугат суу берилип (былтыркыга салыштырмалуу 1 млрд. кубга көп), 1 млн. 184 миң гектар жер сугарылганын билдирген. Буга улай мекеменин маалымат кызматы 2030-жылга чейин курула турган 106 суткалык жана 10 күндүк жөнгө салуу бассейндин 10у курулуп, 12синде куруу иштери башталып, 29унун долбоору иштелип жатканын маалымдаган. Ылайым эле, министрлик көрсөткөндөй сугат суу аянттарыбыз кеңейип, түшүм мол болсун дейли. Бирок, кагаз жүзүндө отчёттор кулакка жагымдуу болгон менен иш жүзүндө андай болбой жатканы өкүндүрөт. Муну айтканыбыз, алыскы региондорду коёлу борборубуз Бишкектин айланасындагы эле айдоо аянттарын алсак, сугат системалары жакшы жолго коюлбагандыктан бардык эле дыйкандар өз убагында суу менен камсыз болбой келет. Ошол себептен союз доорундагы сугат жерлердин көбү кайрак жерлерге айланган. Майда жеке менчиктерге бөлүнгөн айдоо аянттарын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу мекемелер жеринен текшерип, фермер, дыйкандарга өз убагында техника, жер семирткич, арзан күйүүчү май менен камсыздап, жер иштетүүдө заманбап технологиянын колдонула баштаганы деле байкалбайт. Айрым жаңы конуштарга жакын жерлер (мисалы, Калыс-Ордо жаңы конушунун батыш тарабы, Маевка айылынын төмөн жагы) кезинде трансформацияланбай туруп жең ичинен үй курууга сатылып кеткендиктен жана андай жерлерге үй курууга мыйзамдуу уруксат берилбегендиктен жедеп кургап, куурай басып жатат
(Шаарды айланып өтүүчү жолдун жээктериндеги талааларды караңыздар). А бул убакта коңшу Өзбекстанда алакандай жерди текке кетирбей иштетип, түшүмүн коңшу мамлекеттерге тынымсыз чыгарышууда. Ошол себептен өзүбүз өндүргөн мөмө-жемиштерди жей албай, сырттан ар кандай химикаттар менен өстүрүлгөн мөмө-жемиштерди, жашылчаларды жеп келе жатабыз. Мисалы, кыргызстандыктар быйыл жаз айынан бери өзүбүздө өндүрүлгөн коон, дарбызды, ошол эле помидор, бадыраң, жүзүм, картошканы дурусураак жей алган жок. Былтыр дүңүнөн 9-10 сомдон сатылган арпа, буудай, жүгөрү быйыл жакшы дан байлабай, айрым жерлерде суунун жетишсиздигинен күйүп кетти. Учурда арпанын килограммы 23 сомго чыкса, былтыр 170-180 сомдон болгон бир түк беде 320 сомго чыгып отурат. Эгер министрлик билдиргендей ирригацияда жылыштар болгон болсо, тоют, айыл чарба өсүмдүктөрү былтыркыдан эки эсе кымбат болбойт эле.

Ушул жерден тарыхка кылчайсак, белгилүү мамлекеттик, саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин “Орошаемые земли –краеугольный камень в фундаменте экономики Кыргызстана” эмгегинде 1993-жылы Кыргызстанда 1 млн. 77 миң гектарга чейин көбөйгөнү айтылат. Ошондой эле бул макалада Кыргызстан сугат жер көлөмү боюнча постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Россия, Украина, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжандан кийинки 6-орунда турары жана сугат жерлер талаа продукциясынын 90 пайызын берери баса белгиленген. Ал эмгекте автор: “Нас не заставляет задуматься даже международный опыт. Например, в США созданы и создаются крупные хозяйства по производству зерна, мяса, молока и других продуктов. Из 6,8 миллионов фермерских хозяйств на начало 1992 года уже ликвидировано 4 миллиона. Процесс создания крупных хозяйств происходит и в других зарубежных странах. Если у нас произойдет купля-продажа земли в частную собственность, то снабжение народа продуктами питания еще больше ухудшится, может создастся катастрофическое положение. И здесь без учета разнообразных форм землепользования, существующих в мировой практике, наши правители провозгласили единственную политику купли- продажи земли в частную собственность. Я писал и хотел бы еще раз сообщить к сведению читателей о том, что в США, например, государству принадлежит 39,5 процента земельной площади. В Нидерландах вообще нет частной собственности на землю. Во Франции и Бельгии – соответственно 50-70 процентов сельхозугодий”, – деп жазып жатат.

А 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясына кол коюу аземинде сүйлөгөн сөзүндө Президент Садыр Жапаров: “Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жер реформасын жүргүзүү жана жер ресурстарын башкарууну модернизациялоо талап кылынат. Жерлерди башкаруу институттарын чыңдап, жер рыногун калыптандырууну аягына чыгаруубуз зарыл. Ошондуктан рес-публиканын жер фондун инвентарияза-
циялоо, жер кадастрын жаңылоо жүргүзүлөт. Айыл чарба секторунда реформанын стратегиялык максаты – азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу”, – деп айткан.

Демек, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл өкмөттөрү, райондук, облустук администрациялар берген “жел маалыматтардын” эсебинен жыйынтык чыгарып отура бербей айыл чарбасына өлкө башчы белгилегендей реалдуу реформа кылышы керек. Керек болсо жерди максаттуу иштете албаган дыйкан чарбалардын жерлерин мамлекетке алып, кооперативдерди, ири чарбаларды уюштуруу зарыл болуп турат.

Реформа демекчи, “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүү улуттук програмасында” “Айыл чарба” вектору боюнча негизги милдеттердин бири – түшүмдүүлүктү жогорулатуу, заманбап агротехнологияларды киргизүү жана үрөнчүлүктү колдоо жолу менен өсүмдүк өстүрүүнү модернизациялоо, агросекторго инновацияларды жана санариптештирүүнү киргизүү, анын ичинде дрондорду, жасалма интеллектти, так жер иштетүү технологияларын, суу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү сис-темаларын жана фермер чарбаларынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн санариптик чечимдерди колдонуу жана сууну бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн суу ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган системаларын киргизүү зарыл баса белгиленген. Ушул эле документте “Айыл чарба” вектору боюнча максаттуу багыттары: айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн физикалык көлөмүн 30%га көбөйтүү; айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн физикалык көлөмүн 2 эсеге көбөйтүү; сууну жоготуу деңгээлин 15%га чейин төмөндөтүү; сугат аянтын 15 миң гектарга көбөйтүү;  жерлердин суу менен камсыз болушун 93 миң гектарга жогорулатуу экени көрсөтүлгөн. Муну ишке ашырыш үчүн отчёттук жыйындар эмес, натыйжалуу аракет керек.

Кудай сактасын, ар кандай себептерден улам Казакстандан, Өзбекстан, Россиядан жана башка өлкөлөрдөн азык-түлүк товарлары Кыргызстанга кирбей кала турган болсо эмне кылабыз?! “Нан болсо ыр да болот” дегендей кокус арпа, буудайсыз, унсуз, азык-түлүксүз, тоютсуз кала турган болсок азыркы массалык түрдө өнүгүп жаткан курулушубуздун да мааниси жоголот. Андыктан, айыл чарбасында өнүгүү болуп жатканын жыйындарда, кагаз жүзүндө көрсөтө бербей, иш жүзүндө көрсөтүүгө аракет
кылганыбыз оң.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар