Адамзаттын терең ойлонулбаган аракеттеринен улам акыркы жылдарда Жер планетасында өтө олуттуу экологиялык көйгөйлөр пайда болду. Ошол эле кен байлыктарды ыраатсыз иштетүү, турмуш-тиричилик калдыктарын иргеп, кайра иштетпей ачык асман алдында калтыруу, техника, технологияны өнүктүрүү менен абага көмүртекти, уу газдарды көп бөлүп чыгаруу келип-келип эле адам, өсүмдүк, жан-жаныбар ооруларынын, мал ылаңдарынын түрүн көбөйттү. Албетте, айлана-чөйрөгө терс таасир эткен экологиялык көйгөйлөрдүн кандайдыр бир бөлүгүн азайтсак болот. Бирок, ага бир гана экологиялык уюмдардын аракети жетишсиз. Ал үчүн Жер жүзүндөгү өлкөлөр, адамдар жумулган колдой биригүү менен, бир максатта аракеттениши керек.
Эсибизге келбесек, эртең кеч болот
Акыркы жылдарда Жер планетасында климат кескин өзгөрүп, бир жерде аномалдуу ысык болсо, айрым жерлерде катуу суук болуп, кайсы бир региондо күтүлбөгөн климаттык өзгөрүүлөр болуп жатат. Экологдор кылымдар бою былк этпеген деңиз муздары, тоо мөңгүлөрү эрип, дүйнөлүк океан деңгээли көтөрүлүп жатканы жана анын натыйжасында суу каптоолор, кургакчылык, бороон-чапкындар болуп жатканын байма-бай айтып келе жатышат. Албетте, алар мындай өзгөрүүлөргө адамзаттын мунай, жаратылыш газы, тоо кендеринин, көмүрдүн эбегейсиз корун (запас-
тарын) пайдалануу менен атмосферага уулуу, зыяндуу газдарды чыгарып жатышы себепкер болуп жатат деп эскертишүүдө. Биз көмүр кычкыл газын көрбөгөнүбүз, анын экологияга тийгизген терс таасирин сезбегенибиз менен дүйнө жүзүндөгү аба ырайынын экстремалдуу көрүнүштөрүнө күбө болуп жатабыз. Ошол эле Россия аймагындагы селдер, Израилдеги токойлордун масштабдуу өрттөнүшү, араб өлкөлөрүндөгү буга чейин болуп көрбөгөн шамал, жамгырлуу нөшөрлөр, АКШдагы токой, талаалардын өрттөнүшү сыяктуу бир топ катаклизмдерди мисал кылсак болот.
Адистердин божомолу боюнча эгер мамлекеттер айлана-чөйрөнү коргоо маселесин колго албаса 2100-жылы Жер планетасындагы температура 4,8 градус цельсияга чейин көтөрүлүп кетиши ыктымал. Климатологдордун билдиришинче, температура 2 градус цельсияга жогорулаганда эле жер бетинде кайра калыптандыра албай турган алааматтар болушу күтүлөт. Муну адамдарга, коомчулукка эскерте берип чарчаганда адистер дүйнөлүк таанымал адамдар менен макулдашышып, алар аркылуу элди экологияга аяр мамиле жасоого, аны сактоого чакырык ташташууда.
Климатологдорго ишенсек, эгер климаттык алкактар жылышып кетсе жаз, жай мезгилдеринде күтүүсүз суук болуп, кышкысын күн жылып кетип же жайкысын мээ кайнаткан аптап болушу күтүлөт. Кургакчылык, суу ташкындары, селдердин болушу көбөйөт. Чын-чынына келгенде жылдан жылга климаттын өзгөрүшү менен кыш жылуу болуп, жай салкын же аптаптуу болуп жатканын байкап жатабыз. Алсак, Россиянын бир тарабында кургакчылык өкүм сүрсө, кайсы бир аймагында күн ысып сел жүрүп, токойлор өрттөнүп жатат. Башка өлкөлөрдө климаттын өзгөрүшүнөн улам деңиз суулары цунамилерди пайда кылууда. Европа, Кытай, Түштүк Корея жана Аргентинада, АКШнын айрым штаттарында жайкысын күн катуу ысып жатса, Африка, Жакынкы Чыгышта кургакчылык, бир топ өлкөлөрдө апрель, май айларында кар жаап коюп жатат. Америка окумуштууларынын изилдөөлөрү боюнча 2100-жылга чейин Катар, Сауд Аравиясы, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү температуранын көтөрүлүшү менен жашоого жараксыз болуп калышы да ыктымал. Ошондой эле климаттын өзгөрүшү менен Жер бетиндеги өсүмдүк менен жаныбарлар түрүнүн 30-40 пайызы жок болот деген божомол да бар.
Экология – эсептешкенди жактырат
БУУ эксперттери глобалдык жылуулук Африка, Азия, Латын Америкасындагы түшүмдүүлүккө тескери таасирин тийгизип, 2080-жылы ачарчылыкка туш болгон адамдардын саны 600 миллионго жетет деп эскертишүүдө. Борбор Азия, Жер Ортолук деңизи, Түштүк Африка, Австралия сыяктуу бир катар региондордо кургак климаттан, жаан-чачындын аздыгынан улам таза суу тартыштыгы да жаралышы мүмкүн деген божомол бар. Дүйнөлүк эксперттик коомчулуктун маалыматына таянсак, XXI кылымда деңиз суулары 0,2 метрге көтөрүлүп, аралдардагы, жээкке жакын аймактардагы жашоочуларга кыйындык жаралат. Мындай тобокелдүү зонага Нидерландылар, Бангладеш, Багама, Мальдивы сыяктуу аралдык кичи мамлекеттер кирет. Ошол эле кезде суу көтөрүлсө Россия, АКШ, Англия, Италия, Германия, Дания, Бельгия, Ирак, Таиланд жана Вьетнам мамлекеттери суу астында калышы ыктымал деген да божомол бар. Кытайдын 140 млн., Япониянын 30 млн. жараны үй-жайсыз калышы мүмкүн дешет окумуштуулар.
Бүткүл дүйнөлүк метерологиялык уюмдун (БДМУ) координациялыгы астында даярдалган ведомство аралык документте климаттын өзгөрүшү экономикалык өнүгүү ийгиликтерин жууп кетип, адамдардын бакубат жашоосуна жана планетага чоң коркунуч жаратып жатканы айтылат. “Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнү күчөтүп, жаратылыш кырсыктарынын тобокелчилигин азайтуу үчүн шашылыш жана масштабдуу аракеттер керек. Албетте, жасалма интеллект аба ырайын божомолдоону ылдамдатып, жер, суу ресурс-тарын башкарууда жаңы горизонтторду ачты. Бирок, климаттын өзгөрүшү сыяктуу глобалдык көйгөйдү чечүүдө илим менен технологиянын өнүгүүсү жетишсиз”, – дейт БДМУнун башкы директору Селеста Сауло.
Албетте, жасалма интеллект, заманбап технологиянын жардамы менен аба ырайы-на алдын ала анализ кылып, климаттык өзгөрүүлөрдү адамзат пайдасы үчүн бир аз өзгөртсө болот. Бирок, ар бир адам баласы жеке турмуш-тиричилигинде, жашоо-
сунда аң-сезимдүүлүк менен аракет кылбаса климатты кыска убакытта өзүбүзгө ыңгайлуу кылып толук өзгөртүү мүмкүн эмес. Алсак, экологияны жакшыртып, климатты жагымдуу кылыш үчүн адам баласы ар кандай зыяндуу тиричилик калдыктарын чыгарууну, аларды туш келди жерге таштап, өрттөй берүүнү азайтуусу абзел. Ошондой эле көмүр, мунай продукцияларын, жаратылыш газын, парник газдарын бөлүп чыгаруучу отунду колдонууну минималдаштырып, табигый, кайра жаралуучу энергия булактарын колдонууга басым жасоосу керек. Күн, шамал, суу энергияларын мүмкүн болушунча көбүрөөк пайдалануу учурдун кечиктирилгис талабы болуп турат.
Кар, мөңгү азайды, камаарай элекпиз
Кыргызстанга келсек климаттын өзгөрүшү менен тоолуу өлкөдө жер титирөө, суу каптоо, жер, кар көчкүлөр саны көбөйгөн. Статистикалык маалыматтар боюнча, учурда Кыргызстанда ар жылы 3 миңден 5 миңге чейин жаратылыш кырсыктары болуп, алар адамдардын бейажал өлүмүнө, инфраструктуранын бузулушуна жана маанилүү социалдык кызматтардын үзгүлтүккө учурашына алып келип жатат. Айыл чарбасы менен энергетиканын мөңгүлөрдөн көз карандылыгы, электр энергиясына муктаждыктын өсүшү, өлкө бюджетин толтурууда кен байлыктарды иштетүүнүн зарылдыгы жана башка экологияга байланыштуу факторлор кайра эле саламаттык сактоо, билим берүү тармактарына, азык-түлүк коопсуздугуна кооптуу жагдай жаратып жатат. Бул кооптуу жагдайлардын натыйжасында балдар арасында инфекциялык ооруларды тез жугузуп алуу, респиратордук инфекциялар, диарея күч алганы да айтылууда. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча 1991-жылдан бери климаттын өзгөрүү көйгөйлөрүн чечүүгө банктардан, өкмөттөн, эки тараптуу келишим булактарынан алынган каражаттын жалпы көлөмү 200 млн. доллардан
ашыптыр.
Тилекке каршы, алынган каражаттар менен климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү, аракеттерди көрүү азырынча жакшы натыйжаларды бере элек. Ошол эле парник газдарын азайтуу, сугат системаларын жөнгө салуу, көп жыл пайдаланылган унааларды колдонууну чектөө, таза сууну сарамжалдуу пайдалануу, көмүр жагууну азайтуу, синтетикалык, химиялык калдыктарды зыянсыз жок кылуу маселелерине келгенде мамлекеттин чамасы чектелүү болуп калууда. Карапайым эл климаттын өзгөрүшү менен бара-бара жер иштетүү, курулуш жүргүзүү, ишкерлик кылуу кыйындай берерин али аңдап түшүнө албай жатат. Себеби, бул боюнча элде жеткиликтүү маалымат жок. Жөнөкөй эле бир мисал, суу тартыш болуп, кургакчылык болсо элеттиктер, дыйкандар, фермерлер буга дароо мамлекетти айыптуу көрүшөт. Ошол эле кезде алар тамчылатып сугаруу, жерди системалуу иштетүү, санга эмес сапатка басым жасоо, кайра иштетүүнү колго алуу сыяктуу жагдайларды эске алуу керектигин ойлонуша элек. Себеби, адамдын ар бир кылган кыймылы, аракети климаттын оң же терс жакка өзгөрүшүнө таасир этерин али түшүнбөй жатабыз. Акыркы эки-үч жылда Кыргызстанда жаан-чачын азайып, кар мурдагыдай калың түшпөй калды. Бул климаттын өзгөрүп жатканын айгинелеп турат. Демек, ага жараша кыргызстандыктар “жети өлчөп, бир кесип” иш кылышыбыз керек эле.
Антсе да аракеттер бар
Албетте, кандайдыр бир деңгээлде эл аралык коомчулук менен бирге Кыргызстан дагы акыркы жылдарда экологияны жакшыртууга аракеттерди көрүп келет. Айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөр атласында Кыргызстандагы токойлор 2000-жылдан 2023-жылга чейин 6,2 пайыздан 6,9 пайызга, а коргоого алынган территориялар 0,5 млн. гектардан 1,5 млн. гектарга көбөйгөнү белгиленген. 2040-жылга карата токойлуу аянттар өлкөнүн жалпы территориясынын 10 пайызын түзөт деген божомол бар. Демек, климаттын өзгөрүшүн жакшыртууда аз болсо да жылыш бар.
Быйыл жыл башында БУУнун координатору жана ПРООНдун техникалык лидерлиги, КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаңы Улуттук деңгээлде аныкталган салымды (ОНУВ) иштеп чыгууну баштаган. Бул пландар 2035-жылга чейин глобалдык жылууну 1,5 градус цельсияга чейин чектөө үчүн 2035-жылга чейин зыяндуу газдарды бөлүп чыгарууну азайтууну көздөйт. Ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун 2050-жылга чейин көмүртектик нейтралдуулукка жетүүгө максат коюлгандыгын билдирүүсү глобалдык чечимге салым кошуудагы жоопкерчилигин көрсөтүп турат. “Жабыла көтөргөн жүк жеңил” дегендей ар бир кыргызстандык климаттын кескин өзгөрүүсүнө ой толгоп, курулуш курууда, үй-тиричилик калдыктарын чыгарууда, эс алуу жайларындагы тазалыкты сактоодо, кыскасы, бардык жагдайда экологияны биринчи орунга коюусу керек. Антпесек, эртеңки муун куу такыр талаада куурап калары шексиз. Ойлонолу, ойгонолу, толгонолу.
Мелис СОВЕТ уулу,
“Кыргыз Туусу”