Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Кыргызстандын төрагалыгы астында ШКУнун артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстандын төрагалыгы астында ШКУнун артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Биринчиси – узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыз кылуу. Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна каршы коркунучтар менен чакырыктарга каршы күрөшүүгө багытталган жамааттык аракеттерди күчөтүүнү улантат. Биринчи кезекте, терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы туруу жөнүндө сөз болуп жатат. Бул контекстте Мамлекет башчысы кыргыз тараптын демилгеси менен Бишкекте түзүлүп жаткан Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору ШКУ мейкиндигиндеги эл аралык уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүүдө жалпы ишке олуттуу салым кошоорун белгиледи.

Экинчиси – экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу. Бул маселеде Кыргызстан уюмдун натыйжалуу каржы механизмин түзүү маселесин тездетүүнү, анын ичинде аймактык экономикалык интеграцияга көмөктөшүү менен ШКУнун Өнүктүрүү банкын, Өнүктүрүү фондун жана Инвестициялык фондун түзүүнү сунуштайт.

«Кыргыз төрагалыгы ошондой эле эл аралык автомобиль жана темир жол ташуулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштайт, бул жаңы транспорттук каттамдарды түзүүнү жана ШКУга мүчө мамлекеттердин транзиттик-транспорттук потенциалын натыйжалуу пайдаланууну да карайт», — деп белгиледи Президент.

Ал ошондой эле санариптештирүүнү артыкчылыктуу багыт катары белгиледи. Алдыдагы төрагалыгынын жүрүшүндө Кыргызстан ШКУнун Жаштар санариптик форумун өткөрүүнү сунуштайт жана Уюмдун аймагында санариптик трансформацияга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз салымын кошууга даяр.

Мамлекет башчысы өлкөлөр климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине туш болуп жатканын, бул абстрактуу коркунуч эмес, реалдуулук экенин айтып, ШКУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракеттери глобалдык жылуулукту кармап турууда маанилүү ролду ойной турганын баса белгиледи. «Буга байланыштуу биз ШКУга мүчө мамлекеттерге климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана «жашыл» экономика жаатында биргелешкен «жашыл» долбоорлорду көбөйтүү жана демилгелерди илгерилетүү аркылуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнү сунуштайбыз», — деди Садыр Жапаров.

Достукту бекемдөөгө жана элдердин жакындашуусуна ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы маданий-гуманитардык жана туристтик тармактардагы кызматташтык өбөлгө түзөт. Президент кыргыз тараптын төрагалыгынын мезгилинде Ысык-Көл жээгинде жайгашкан Чолпон-Ата шаары ШКУнун туристтик жана маданий борбору болуп бекитилерин белгиледи.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар