Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 25-жыйынында сөз сүйлөп, бир катар маселелерге токтолду.
Президент Кыргызстан 2-сентябрдан тартып ШКУга төртүнчү төрагалыгын баштай турганын жана уюмдун түптөлүшүнө салым кошкон мамлекет катары муну анын өнүгүүсүнө жаңы дем берүү, анын глобалдык ролун бекемдөө, ошондой эле достук жана ынак коңшулаштыкты мындан ары тереңдетүүгө көмөктөшүү мүмкүнчүлүгү катары караарын белгиледи.
Садыр Жапаров Кыргызстандын төрагалыгы «ШКУнун 25 жылдыгы: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүүгө бирге» деген ураандын астында өтөрүн баса белгилеп, ошондой эле артыкчылыктуу багыттарды белгиледи. Президент Садыр Жапаров кыргыз төрагалыгы жалпы максаттарга жана милдеттерге жетүү үчүн ШКУга мүчө бардык мамлекеттер, байкоочулар, диалог боюнча өнөктөштөр жана уюмдун туруктуу иштеген органдары менен активдүү иш алып барарын баса белгилеп, мамлекет башчыларын Бишкекте өтө турган ШКУнун кийинки саммитине катышууга чакырды.
Өз кезегинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары Кыргызстандын төрагалыгына ийгилик каалашты.