Кытай акыркы жылдары өзүнүн ядролук күчтөрүн тездик менен өнүктүрүүдө. Стокгольм тынчтык институтунун (SIPRI) жаңы отчетуна ылайык, 2025-жылдын башына карата Кытайда 600гө чукул ядролук ок бар. Бул көрсөткүч менен Кытай АКШ жана Орусиядан кийинки үчүнчү орунда турат.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдан бери Кытай өзүнүн ядролук курал запасын дээрлик эки эсе көбөйткөн. Орточо алганда жыл сайын 100дөй жаңы ок чыгарылууда. Башка алдыңкы державаларда олуттуу өзгөрүүлөр байкалган жок: Франция 290, Британия 225 ракета санын сактап келет. АКШ жана Орусия акыркы жылдары курал санын бир аз кыскарткан.
Ошол эле учурда, Америкалык илимпоздор федерациясы (FAS) маалымдагандай, Кытай Орусия менен чектешкен аймактарда: Ганьсу, Синьцзян жана Ички Монголияда 350 ракета шахтасын куруу иштерин баштаган. Бул объекттер Кытайдын коргонуу стратегиясындагы жаңы этап катары бааланууда. Биринчи жолу Кытай тынчтык маалында дагы ракеталарга аскердик бөлүкчөлөрдү орнотууга өткөнү байкалууда.