Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Бишкек эл аралык финансылык форуму-2025» форумуна катышты.
Министрлер Кабинетинин төрагасы «Бишкек эл аралык финансылык форуму» туруктуу каржы тутумун өнүктүрүүнү, алдыңкы технологияларды жана инновацияларды киргизүүнү талкуулоо үчүн салттуу аянтчага айланганын баса белгиледи. Форум быйыл 11-жолу өткөрүлүп жатат.
«Бүгүн биз маалыматты иштеп чыгуу технологиялары финансы чөйрөсүн гана эмес, мамлекеттердин башкаруу жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негиздерин да өзгөртүп жаткан жаңы санариптик доордун босогосунда турабыз. Буга байланыштуу санариптештирүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын стратегиялык артыкчылыгы болуп саналат», — деп белгиледи ал.
Ал Кыргызстан санариптик чечимдерди ырааттуу түрдө ишке ашырып, технологияга, ачык-айкындуулукка, инклюзивдүүлүккө жана ишенимге негизделген заманбап финансылык экосистеманы калыптандырып жатканын кошумчалады.
«Биз электрондук төлөмдөрдү, чакан жана орто бизнес үчүн санариптик платформаларды активдүү өнүктүрүп, финтех-стартаптар үчүн жагымдуу шарттарды түзүп жатабыз. 2023-жылдан тартып өлкөдө банктык карталар, электрондук капчыктар жана мобилдик тиркемелер менен интеграцияланган улуттук стандарттагы QR-коддорун колдонуу менен накталай эмес эсептешүүлөр системасы ийгиликтүү өнүгүүдө», — деп белгиледи Өкмөт башчы жана бул багыттагы иштер улантыларын кошумчалады.
Мындан тышкары, ал «Санариптик сомду» киргизүү боюнча долбоорго токтолду.
«2025-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Президенти мыйзамга кол койгондон кийин өлкөдө негизги стратегиялык демилгелердин бири — санариптик сомду киргизүү башталды. Бул масштабдуу долбоорду ишке ашыруу экономиканын дээрлик бардык тармактарын камтыйт жана улуттук санариптик экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калат», — деп Касымалиев сөзүн жыйынтыктады, азыркы форум Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй Евразия регионунун каржы келечегин түзө турган жаңы чечимдердин, долбоорлордун жана идеялардын пайда болушу үчүн платформа болооруна ишенимин билдирди.