Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы “Ак-Буура” чек ара заставасы курулат. Тийиштүү чечимди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кабыл алды.
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, Кара-Суу районундагы 1,92 гектар жер тилкеси “айыл чарба багытындагы жерлерден” чыгарылып, “өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттардагы жерлер” категориясына өткөрүлүүдө.
Аталган чечим Ош облусу боюнча Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Кара-Суу райондук администрациясынын сунуштарын эске алуу менен кабыл алынган.
Жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү жер документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү, шаар куруу документтерин иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды. Ошондой эле, курулуш иштери учурунда санитардык, экологиялык жана сейсмикалык талаптардын сакталуусуна көзөмөл жүргүзүлөт.
Жаңы чек ара заставасынын курулушу аймактагы коопсуздукту жана чек ара инфраструктурасын чыңдоого багытталган.

