Башкы беткеМаанилүүМал экспорттоого дагы тыюу салынды

Мал экспорттоого дагы тыюу салынды

Кыргызстанда өкмөттүн токтомуна ылайык, бодо малды, жылкыны, кой жана эчкини өлкөдөн алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Чечим 2025-жылдын 10-сентябрынан тартып күчүнө кирип, ички рынокто эттин баасын турукташтыруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталды.

Документке ылайык, «Кыргыз Агрохолдинг» ААК тирүү малды экспорттоо боюнча мамлекеттик оператор болуп дайындалды. Мындан тышкары, Дүйнөлүк соода уюмуна, Евразия экономикалык комиссиясына жана КМШнын Аткаруу комитетине тиешелүү билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Өкмөттүн тапшырмасы менен Бажы кызматы, Айыл чарба министрлиги жана Чек ара кызматы көзөмөлдү күчөтүп, малды мыйзамсыз алып чыгуунун алдын алмакчы.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар