Президент Садыр Жапаров Япониянын императору Нарухито менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, Японияга жасаган расмий сапарынын алкагында Япониянын императору Нарухито менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди кеңейтүү маселелери талкууланды.

Император Нарухито Мамлекет башчысын жылуу кабыл алып, Президенттин Японияга болгон расмий сапары кыргыз-япон мамилелерин мындан ары тереңдетүүдө маанилүү кадам экенин белгиледи.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров кыргыз эли япон элине карата ар дайым чын ыкластуу жана достук мамиледе экенин, Япониянын бай маданиятын жана каада-салттарын жогору баалай турганын билдирди.

Мамлекет башчысы Осака шаарында өтө турган ЭКСПО-2025 Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнүн ийгиликтүү даярдалып жатканын белгилеп, Кыргызстандын Улуттук павильонуна «Жашоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» категориясында алтын сыйлыктын ыйгарылышынын маанисин өзгөчө баса көрсөттү.

Ошондой эле Президент Япониянын алдыңкы технологияларынын жана билим берүү программаларынын Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымын жогору баалады. Бул багытта мамлекеттик кызматкерлердин жаңы муунун даярдоого багытталган Япониянын стипендиялык программалары өзгөчө мааниге ээ экени белгиленди.

Садыр Жапаров акыркы жылдары Кыргызстандын жаштарынын япон тилине жана маданиятына болгон кызыгуусу туруктуу өсүп жатканын айтып, учурда өлкөнүн төрт жогорку окуу жайында 700гө жакын студент япон тили жана япон таануу багытында билим алып жатканын билдирди.

Мындан тышкары, Президент Император Нарухитонун суу ресурстары жаатындагы илимий ишмердүүлүгүн жогору баалап, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында кызматташууну тереңдетүүгө Кыргызстандын кызыкдар экенин белгиледи. Ал ошондой эле Император Нарухитону 2027-жылы өтө турган «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Император Нарухитону өзүнө ыңгайлуу болгон учурда Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз