Жасалма акылдан жасалган күйөө пайда болду

Японияда жасалма интеллект менен адамдын ортосундагы мамиленин чеги тууралуу талкуу жараткан окуя болду. 32 жаштагы чалуу-борбордун оператору Юрина Ногути жасалма интеллекттин жардамы менен түзүлгөн каарманга символикалык түрдө «турмушка чыкты».

Анын «жолдошу» — ChatGPT негизинде жекелештирилип түзүлгөн Lune Klaus Verdure аттуу жасалма акылдын каарманы. Ногути бул каарман менен 100 күн бою күн сайын жүздөгөн билдирүүлөр аркылуу баарлашканын айтат. «Сен мага сүйүүнү үйрөттүң», — деп билдирген ал.

Салтанаттуу азем өзгөчө форматта өттү: келин ачык кызгылт түстөгү кооз көйнөк кийип, «күйөөнү» кошумча чындык  көз айнеги аркылуу көргөн.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, Ногутиинин Жасалма Акыл менен таанышуусу жеке жашоосундагы оор мамилелерден кийин башталган. Ал ChatGPT’ден никеге байланыштуу көйгөйлөр боюнча кеңеш сурап, анын сунушунан кийин мурунку сүйлөшкөн жигити менен мамилесин токтоткон.

Бул окуя Японияда гана эмес, дүйнө жүзүндө жасалма интеллект адамдардын эмоциясына, психологиясына жана жеке мамилелерине кандай таасир этери тууралуу кызуу талкууга себеп болууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз