Борбордук Азия жана Япония

Акыркы жылдары Борбор Азия дүйнөлүк ири державалардын көңүл борборуна айланды десек аша чаппайбыз. Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанды камтыган бул мейкиндик геосаясат, экономика жана коопсуздук маселелеринде маанилүү роль ойной баштады. Адистердин пикиринде, Борбордук Азияга болгон кызыгуу бул – убактылуу көрүнүш эмес, узак мөөнөттүү стратегия.

Борбор Азия геосаясий кызыкчылыктардын кесилиши

Борбор Азия – Европаны, Азияны жана Жакынкы Чыгышты байланыштырган стратегиялык аймак. Кытай, Европаны бириктирген кургактагы жолдор, энергетикалык коридорлор жана транспорттук маршруттар дал ушул мейкиндик аркылуу өтөт. Ушул өңүттөн алганда – Борбор Азия логистика, соода жана транзит үчүн өзгөчө орунда. Айрыкча Россияга каршы санкциялар күчөгөндөн кийин, Европа менен Азияны туташтырган альтернативдүү жол катары Борбордук Азиянын ролу кескин өскөнүн саясый талдоочулар белгилешет.

Табигый ресурстар жана энергетика

Борбор Азия жаратылыш байлыктарына бай. Казакстан – уран жана мунай, Түркмөнстан – газ, Өзбекстан – алтын жана жез, Кыргызстан менен Тажикстан – суу ресурстары жана гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Дүйнө “жашыл энергетикага” өтүп жаткан шартта, суу ресурстары жана сейрек кездешүүчү металлдар ири державалар үчүн чоң стратегиялык мааниге ээ болуп жатканы талашсыз.  Бул багытта АКШ, Европа Биримдиги, Кытай жана Япония активдүү иш алып барууга аракет көрүп жатканын көрүүгө болот.

Ири державалардын кызыкчылыгы эмнеде?

Кытай үчүн Борбордук Азия — “Бир алкак, бир жол” демилгесинин өзөгү. Аймак Пекин үчүн энергетикалык коопсуздук, рынок жана транзиттик коридор катары абдан маанилүү экени баарына белгилүү.

Россия үчүн Борбор Азия өзүнүн салттуу таасири бар аймак. Себеби, эмгек миграциясы, коопсуздук, аскердик кызматташтык жана маданий байланыштар Москва үчүн негизги инструмент болуп саналат. Батыш өлкөлөрү Борбор Азияда Россия менен Кытайдын таасирин тең салмактоого умтулуп келет. Ал эми  Түркия тилдик жана маданий жакындыгын пайдаланып, түрк дүйнөсүнүн алкагында таасирин күчөтүүдө. Араб мамлекеттери болсо инвестиция, банк жана инфраструктуралык долбоорлор аркылуу кирип жатат. Негизи эле, Борбор Азия географиялык жайгашкан абалы, иштетүүгө кызыкдар болгон толтура кен байлыктары ири державалардын шиле-кейин агызып келет.

Учурдагы абал

Борбор Азия ички туруктуулукка умтулуп, акырындап интеграцияга бет алууда. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан ортосундагы ишенимдин жогорулашы соода, транспорт, энергетика жана коопсуздук тармактарында биргелешкен ири демилгелердин ишке ашышына өбөлгө түзүүдө.

Аймактагы эң маанилүү багыттардын бири — өз ара сооданы кеңейтүү. Борбордук Азия өлкөлөрү чек аралардагы тоскоолдуктарды азайтуу, бажы процедураларын жөнөкөйлөтүү жана логистиканы жакшыртуу боюнча макулдашууларга жетишти. Натыйжада ички регионалдык соода көлөмү өсүп, айыл чарба, өнөр жай жана кызмат көрсөтүү тармактарында биргелешкен ишканалар көбөйүүдө. Аймактык соода форумдары жана бизнес-платформалар ишкерлердин түз байланышын бекемдеп жатат.

Транспорттук байланыш – Борбордук Азия кызматташтыгынын өзөгүн түзөт. Бул багытта эң ири долбоорлордун бири – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу. Долбоор ишке ашса, регионду Азия менен Европаны байланыштырган стратегиялык транзиттик хабга айлантат деген ишеничти аймактын бийлик өкүлдөрү байма-бай айтышууда.

Мындан тышкары, товар ташуунун наркын төмөн­дөтүүгө багытталган Транскаспий эл аралык транспорттук коридору, автоунаа жолдорун модернизация-лоо, чек арадагы логистикалык борборлорду куруу аймактын транзиттик мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө алып келерин адистер белгилешет.

Борбор Азия энергетика жана суу маселелери боюнча өзгөчө мааниге ээ. Бул жаатта өлкөлөр CASA-1000 долбоорунун алкагында электр энергиясын экспорттоо боюнча кызматташууда. Ошондой эле гидроэнергетика, кайра жаралуучу энергия булактары жана электр тармактарын бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөр активдешип жатканы айкын.

Суу ресурстарын биргелешип башкаруу – аймактык туруктуулуктун негизги факторлорунун бири катары каралып, диалог жана илимий негизделген чечимдерге басым жасалууда.

Аймактык коопсуздук маселелеринде да кызматташтык күчөдү. Терроризмге, экстремизмге, баңгизат трафигине каршы күрөшүүдө маалымат алмашуу жана биргелешкен машыгуулар жүргүзүлүп жатат. Борбордук Азия өлкөлөрү коңшу Афганистандагы абалга байланыштуу позицияларын координациялап, тынч-тыкты жана туруктуулукту сактоону жалпы максат катары белгилеп жатканын көрүп жатабыз.

Бирок көйгөйлөр деле жок эмес. Айтсак, суу маселелери, экономикалык теңсиздик, климаттык өз-гөрүүлөр, тышкы саясый  таасирлердин күчөшү сыяктуу бир топ актуалдуу көйгөйлөрдү санасак болот.

Жогорудагы маалыматтардын негизинде, Борбордук Азия бүгүн – жөн гана регион эмес, дүйнөлүк саясаттын маанилүү түйүнү десек болот. Дүйнөдөгү ири державалардын кызыгуусу аймакка мүмкүнчүлүктөрдү да, ага кошо тобокелчиликтерди да алып келээри жашыруун эмес. Негизги маселе – бул кызыкчылыктарды улуттук өнүгүү үчүн туура пайдаланып, көз карандысыздыкты жана туруктуулукту сактай билүүдө экени талашсыз.

Адистер белгилегендей, Борбордук Азия өлкөлөрү биримдикти бекемдеп, өз ара кызматташтыкты күчөткөндө гана дүйнөлүк оюнчулардын ортосунда тең салмактуу саясат жүргүзө алат.

Япония: геосаясий багыттар

Япония бүгүнкү күндө Азия аймагындагы эң маанилүү мамлекеттердин бири. Ал дүйнөдөгү үчүнчү ири экономикага ээ өлкө катары глобалдык саясатта, коопсуздук маселелеринде жана технологиялык өнүгүүдө өзгөчө ролду ойнойт. Ошол эле учурда Япония Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыш жана Африкада инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду илгерилетип, “жумшак күч” саясатын активдүү колдонууну көздөп жатканы көрүнүп турат. Ушу күндөрү өтүп жаткан “Борбор Азия жана Япония” биринчи саммитинин негизги максаты да ушул болуп жатканы ачык.  Себеби, акыркы жылдары Борбор Азия региону дүйнөлүк геосаясатта жана экономикада барган сайын маанилүү аймакка айланып барат.  Бул процессте, тараптардын өз ара мамилеси экономикалык гана эмес, саясий, коопсуздук жана гуманитардык багыттарды да камтыйт жана аталган тармактар үчүн да эки тараптуу кызматташууларды улантууну көздөшөт.

Япония үчүн Борбор Азия эмнеге маанилүү?

Япониянын географиялык абалына карасак, табигый ресурстарга жарды, бирок технологиялык жактан чоң капиталга ээ, бай мамлекет. Борбор Азия болсо мунай, газ, уран, сейрек кездешүүчү металлдар сыяктуу стратегиялык табигый ресурстарга ээ. Бул фактор эң биринчиден Япония үчүн энергетикалык коопсуздукту диверсификациялоо-нун маанилүү булагы болуп саналат. Мындан тышкары, Борбор Азия Евразиянын ортосунда жайгашып, Кытай, Россия, Түштүк Азия жана Европаны байланыштырган транзиттик аймак катары маанилүү.  Япония бул аймактагы транспорттук жана логистикалык коридорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар экени көрүнүп турат.

Кызматташтыктын негизги багыттары

Борбор Азия менен Япониянын кызматташтыгы бир нече негизги багытта өнүгүшү мүмкүн:

Экономика жана инвестиция

Япония инфраструктура, энергетика, кайра жаралуучу энергия, айыл чарба жана өнөр жай тармактарына инвестиция салууга даяр өлкө. Жапон компанияларынын тажрыйбасы Борбор Азия өлкөлөрүндөгү өндүрүштү модернизациялоого чоң өбөлгө түзө алат.

Технология жана инновация

Япония – жогорку технологиялардын лидери экени жалпыбызга белгилүү. Санариптештирүү, “жашыл экономика”, энергияны үнөмдөө жана экологиялык технологиялар боюнча кызматташтык Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүшүнө шарт түзүү менен бирге, бул тармактар боюнча аймактардагы глобалдуу делген көйгөйлөрдү чече алмак.

Кадр даярдоо жана билим берүү

Япония Борбор Азия студенттери үчүн стипендиялык программаларды, адистерди даярдоо жана тажрыйба алмашуу долбоорлорун кеңейтүүгө кызыкдар. Бул эки тараптуу кызыкчылык катары, Борбор Азия өлкөлөрүнө билимдүү кадр, ал эми Японияга жумушчу күч катары керектүү жагдай. Мындай чечимдер ишке ашса, тараптардын узак мөөнөттүү гуманитардык байланыштарын дагы бекемдей алмак.

Коопсуздук жана туруктуулук

Аймактардагы коопсуздук, чек арадагы туруктуулук, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү маселелери да кызматташтыктын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Дүйнө жүзүндө коопсуздук жана туруктуулук глобалдуу көйгөй болуп жаткан учурда, Япония Борбор Азия үчүн экономикалык колдоо көрсөтө алчу мамлекет болуп саналат. Ошол эле учурда Борбор Азия Япония үчүн жөлөк боло алышы толук мүмкүн.
Борбор Азия менен Япониянын кызматташтыгы – бул геосаясий атаандаштык эмес, өз ара пайдалуу өнүгүүнүн үлгүсү катары кароо тарапташтарга чоң пайда бере алат. Тараптар стратегиялык диалогду улантып, ишенимди бекемдесе, бул мамиле региондун экономикалык өсүшүнө, туруктуулугуна жана дүйнөлүк системадагы ролунун жогорулашына олуттуу салым кошо алат. Япониянын келечеги — инновацияга, эл аралык өнөктөштүккө жана аймактык тең салмакты сактоого канчалык ийгиликтүү ыңгайлаша аларына түздөн-түз байланыштуу болуп жаткан учурда, эки тараптуу келишимдер жана долбоорлорду аткаруу чоң ийгиликке жеткирери
бышык.

 

Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз