Улуттук элитаны калыптандыруу университеттердин башкы миссиясы

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 17-декабрда өткөн жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму көп маселени козгоду.

Уңгужол абстрактуу түшүнүк эмес

Форумга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигинин жетекчилиги, жогорку окуу жайлардын ректорлору, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Жыйынды Кыргызстандын ректорлор Ассоциациясынын төрагасы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин ректору Доктурбек Чонтоев алып барды.

Уңгужол тууралуу жарлыктын кабыл алынганына туура бир жыл толду. Арийне, иштин солгундугу, формалдуулук байкалууда. Президенттин Администрациясы жер-жерлерге лекторлорду да жиберүүгө мажбур болду. “Кыргыз Туусу” гезитинин улуттук доктринаны элге жеткирүү, түшүндүрүү боюнча конкреттүү иш чараларды камтыган сунуштары колдоо таба элек.

Доктринаны түшүнүү – реалдуу жана чоң проблема. Муну мамлекеттик катчы Арслан Койчиев да ректорлор форумунда кеп кылды: “Ушул жерден бир түшүнүк берип кетейинчи, бул Жарлыктын же документтин аталышы концепция, стратегия эмес, жада калса, программа да эмес, алардан жогору турган документ, эл аралык тил менен айтканда – доктрина, ал эми кыргызча котормосу, уңгужол деп аталат. Ушуну баарыбыз эсибизге алып койсок. Болбосо көпчүлүгүбүз, өз иштерибизге, эмгектерибизге аралаштырып коюп жатабыз”.

Калети жок. Бирок ошол форумда атайы даярданып келген баяндамачылардын презентацияларында “Үңгү жол”, “Уңгужол доктринасы” сыяктуу адашкан аныктамалар экранда бажырайып турду. Кызматтык иши боюнча биздин журналисттер ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилерине, “Уңгужолду” аткарууга милдеттүү уюмдардын башчыларына көп кайрылышат. Гоголдун “редкая птица перелетит через Днепр” деген сөзүн “редкий современный кыргызский чиновник дочитает до второй страницы” деп колдонсо куп жарашчудай.

Биринчиден, Кыргызстандын улуттук идеясы “Уңгужол” абстракттуу түшүнүк эмес, бул биринчи иретте жарандарыбызды, коомдук уюмдарды жана мамлекеттик институттардын күчүн идеологиялык бир багытка буруу, системалаштыруу стратегиясы.

Экинчиден, Уңгужолдун маани-маңызын мамлекеттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн негизги улуттук идеология-лык багыты, анын башкы максаттарынын бири – улуттук баалуулуктарды сактоо менен заманбап билим, илим жана инновацияга таянган атаандаштыкка жөндөмдүү муунду тарбиялоо. Мына ушул маселеде улуттук доктринаны бурмалоо же девальвациялоо көрүнүштөрү байкалууда. Көрүнгөн оюн-зоокту, эски китебин уңгужолдун урматына кайра басып чыгара коюп, “бир мекеменин ичиндеги жыйынды деле “Уңгужол” деп атап алышып, доктринаны ишке ашырып жаткандай түр көрсөткөн иш чаралар жана PR акробаттары аз эмес.

Ректорлор чогулуп, эмнебиз бар, эмне кылалы деп талкуулаганы жакшы иш. “Уңгужолдун” максаттарына жетүүдө жогорку билим өзгөчө мааниге ээ болушу абзел. “Бирок негедир андай кыймылды биз көрбөй жатабыз. Университеттер экономика, илим жана маданият үчүн кадр даярдап гана тим болбостон, улуттук баалуулуктарды, жарандык иденттүүлүктү жана улуттук аң-сезимди калыптанды-руучу борбор болуп саналат.

Демек, бүгүнкү форум – ректорлордун катардагы жыйыны эмес. Бул улуттук идеянын ишке ашырылышында жогорку окуу жайлардын ролун, тике катыштыгын аныктоочу, мамлекеттик туруктуулукту бекемдөөгө салым кошуучу жана жаш муундарды тарбиялоого багытталган стратегиялык диалогдук аянтча” деп белгиледи Арслан Койчиев. Жогорку окуу жайлары, кесиптик билим берүү мекемелери адистерди даярдоо менен гана чектелбестен, өлкөнүн интеллектуалдык жана маданий элитасын калыптандырууга тийиш. Андан тышкары, жогорку окуу жайларынын илимий потенциалы улуттук доктринада белгиленген милдеттерди ишке ашыруунун илимий негиздерин түзүүгө багытталуусу абзел.

Илимий негиздер демекчи, биз жалгыз Улуттук илимдер академиясын өлкөдөгү жападан жалгыз илимий мекеме катары карабашыбыз керек. Анткени, 2025-жылга карата Улуттук илимдер академиясында 129 илимдин доктору, 256 илимдин кандидаты эмгектенет, бардыгы – 385 окумуштуу штатта турат.

Ал эми Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында 1072 илимдин доктору, 4875 илимдин кандидаты, бардыгы – 5926 окумуштуу иштейт. Мына ушул зор потенциал ыктуу, натыйжалуу пайдаланы-лууга тийиш. Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-сентябрында кабыл алган № 598 Тескемесине ылайык, илимдеги артыкчылыктуу багыттардын тизмеги аныкталган.

Үчүнчүдөн, жогорку окуу жайларында жана кесиптик билим берүү мекемелеринде билим алып, адистикке ээ болуп жаткан жүз миңдеген студенттердин жаратман энергиясы өлкөнүн өнүгүшүнө жумшалышы кажет. Пассионардуу элитага тарыхый муктаждык керек, чоң курмандыктар талап кылынат, кыйчалыш мезгилде пайда болот деген пикирлер да арбын окумуштуулар арасында. Бизде муктаждык да, курмандык да жетиштүү. Техниканын тили менен айтканда азыркы прогрессивдүү жарандардын жана жаштардын энергиясын коомго, өнүгүүгө, улам алдыбыздан калдайып чыга калма чакырыктарга шайкеш жооп кайтарууга жумшоо механизмин иштетүү зарыл. Ансыз Уңгужолдо белгиленген башкы максатка, тагыраагы кубаттуу мамлекет курууга жетишүү кыйын.

Керектөөчү элден, өндүрүүчү элге айланышыбыз керек…

Ар бир муундун тарыхый миссиясы болот. Ошону түшүнгөн муун гана прогрессти камсыздайт. А тарыхый миссиясын түшүнбөгөн же аны аткарууга мойну жар бербеген муун дезертир сымал деп Испаниянын улуу философу Хосе Ортега-и-Гассеттин
айтканы бар.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен улуттук жана трансулуттук  мега долбоорлор ишке ашырыла баштады. Буюрсун. Бирок ошолорду ким куруп, ким тейлеп, ким эксплуатациялайт. Маселен, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” эл аралык темир жолунун курулушунда татаал инженердик объектилер салынат, аларды ким курат, темир жолду, бекеттерди, өткөрүү пункттарды, туннелдерди ким тейлейт деген маселе чыгат. Андыктан эмитен керектүү адистерди даярдоо муктаждыгы жаралганына бир топ убакыт болду. Макул, инженерлерди, технологдорду, машинисттерди, куруучуларды, инженер, техник адистерди даярдоочу окуу жайлары бар дейли. Бирок кесипке даярдоонун стандарттары талапка шайкешпи, муктаждыкты канааттандырабы? Бул да жогорку окуу жайлары иштеп чыга турган көп маселенин бири.

Уңгужолдо мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандыруу максаты көрсөтүлгөн. Мына ушул аспект бизде татаал, оор. Кыргыз Республикасы жалпы адамзат үчүн универсал коркунучтарга тигил же бул деңгээлде туш болууда. Ошол эле учурда Кыргызстанга көбүрөөк мүнөздүү, эксклюзив чакырыктар бар. Мисалы улуттук, жарандык иденттүүлүк маселеси эң маанилүү чакырыктардын бири. Биз муну билүүгө жана адекваттуу жооп берүүгө тийишпиз. Биз байкабай койгондон же качкандан проб-
лема жоюлбайт, болгону күчөйт, чакырык – коркунучка, проблема – дартка айланат. Андыктан ушул маселелер атайы изилдөөлөрдүн, талкуунун, терең анализдин предметине айлануусу абзел. 7 млн.дон ашык калкыбыз өзүн ким деп эсептейт, тыштагы журтташтарыбыздын балдары ким болуп чоңоёт, “кыргыз” деп ураан чакырабы, башка деп ураан чакырабы, улуттук жана жарандык иденттүүлүктүн катышы кандай деген сыяктуу түмөн, оор суроолор комплекстүү илимий изилденип, кылдат, терең анализдин жыйынтыгына жараша иш кылганыбыз оң.

Форумда жогорку окуу жайларынын Ассоциациясынын “Уңгужол улуттук идеясы жана жогорку билим аркылуу туруктуу өнүгүү” аттуу 2030-жылга чейинки прог-раммасын кабыл алышты. Ага ылайык университеттердин аракетин чачыранды кылбай, гуманитардык, медициналык, инженердик-технологиялык, санарип кластерлерин түзүү, бүтүрүүчүлөрдүн бирдиктүү санарип базасын түзүү, аймактардагы жогорку окуу жайларын өнүктүрүү сыяктуу багыттар белгиленип, иш чаралар аныкталды. Кластерлерди ишке ашырууда жетектөөчү университеттер 2030- жылга чейинки программада белгиленди.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине улуттук идеяны таратуу, жайылтууда базалык университети катары өзгөчө миссия жүктөлдү.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын Ассоциациясына 33 мамлекеттик окуу жайы кирет экен, 55 менчик же эл аралык окуу жайлар сыртта экен. Ассоциация 55 жогорку окуу жайын өз кучагына алып, алар менен кызматташканы туура го деп эсептейбиз.

Алмаз ОКИН

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз