Башкы беткеМаанилүүАйсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун спортчулар комиссиясына мүчө болду

Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун спортчулар комиссиясына мүчө болду

Кыргызстандык белгилүү балбан, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Бириккен дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды.

Загребде өткөн дүйнө чемпионатында 400гө жакын спортчу добуш берип, комиссиянын курамына Кыргызстан менен катар Аргентина, Япония, Венгрия, Иран, Греция, Египет, Австралия жана Түштүк Африкадан өкүлдөр кирди.

UWW спортчулар комиссиясы — бул спортчулардын кызыкчылыгын коргоп, дүйнөлүк чечимдерге таасир этүүчү маанилүү платформа.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар