whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
06.03.2026
3.8 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыФранцуз депутаты АКШдан "Эркиндик статуясынын" кайтарылышын талап кылды

Француз депутаты АКШдан «Эркиндик статуясынын» кайтарылышын талап кылды

Француз саясатчысы Рафаэль Глюксманн АКШ «Эркиндик статуясын» кайтарып бериши керек деп билдирди. Анын айтымында, Вашингтон мындан ары бул эстеликтин символдогон баалуулуктарын коргой албайт.

«Биз аны белекке бергенбиз, бирок сиз ага татыктуу эместей көрүнөсүз. Демек, статуя өз үйүнө кайтышы керек», — деди ал.

«Эркиндик статуясы» 1886-жылы АКШнын көз карандысыздыгынын 100 жылдыгына карата француз элинин белеги катары Нью-Йоркко орнотулган. Анын автору – француз скульптору Огюст Бартольди.

Глюксманн Украинага колдоо көрсөткөн жана Дональд Трамптын саясатын кескин сындаган саясатчы. Ал АКШнын илимий институттарына каржылоону кыскартканын да сынга алды. Франция болсо бул чечимден кийин илимпоздорду өзүнө тартууга аракет кылууда.

«АКШ тиранияны колдоп, илимдин эркиндигин чектеп жатат. Андыктан, «Эркиндик статуясын» бизге кайтарып бергиле!», – деп билдирди Глюксманн.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар