Башкы беткеСпорт жана туризмТуризмЧаткалда жаңы тоо-лыжа курорту курулат

Чаткалда жаңы тоо-лыжа курорту курулат

Чаткал районунда “Chatkal Resort” аттуу заманбап тоо-лыжа курорту курулары пландалууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, фонд Туризм департаменти жана тармактагы адистер менен биргеликте долбоор ишке ашырыла турган аймакты аныктоо үчүн жеринде иш алып барды. Текшерүүгө облустук бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү мамлекеттик органдар да катышты.

Натыйжада курулуш жүргүзүлө турган болжолдуу жер аныкталды. Долбоор Чаткал районунда туризмди өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана туристтердин агымын көбөйтүүгө багытталган.

“Chatkal Resort” жыл бою иштей турган курорт болуп, эл аралык өнөктөштөрдүн, анын ичинде Өзбекстан тарап менен кызматташуу аркылуу ишке ашырылары күтүлүүдө.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар