whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.06.2025
34.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүү“Манас” университетинде Орозо айы бою студенттерге акысыз ооз ачар тамагы берилет

“Манас” университетинде Орозо айы бою студенттерге акысыз ооз ачар тамагы берилет

Кыргыз-Түрк “Манас” университети билим берүүдөгү мыктылыгын социалдык жоопкерчилик түшүнүгү менен айкалыштырып, студентке багытталган мамилесин күн сайын чыңдоодо.

КТМУнун ректору, PhD., профессор  Алпаслан Жейлан: “Мен жетектеп турган мөөнөт аралыгында студенттердин курсагы ток, кийими бүтүн болот”, — деген сөздөрүнөн шыктануу менен салтка айланган акысыз ооз ачар тамактары быйыл да Орозо айында улантылып жатат.

Орозо айы бою уюштурулган акысыз ооз ачар тамактары студенттерге орозолорун тынч чөйрөдө ачууга мүмкүнчүлүк берип, ошону менен бирге руханий биримдик жана тилектештик сезимдерин бекемдөөдө.

PhD., профессор Жейландын демилгеси менен ишке ашырылган бул маанилүү жөрөлгө университеттин академиялык жетишкендикти гана эмес, студенттердин социалдык жана руханий өнүгүүсүн да колдоону көздөгөн концепциясынын маанилүү бөлүгү катары өзгөчөлөнөт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар