Башкы беткеМаанилүүАйдоочуларды даярдоо боюнча билим берүү жайларын ачууга убактылуу лицензиялар берилбейт

Айдоочуларды даярдоо боюнча билим берүү жайларын ачууга убактылуу лицензиялар берилбейт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) тууралуу токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Мораторий 2025-жылдын 20-октябрынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот. Бул чара транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында кабыл алынган. Мораторий мамлекеттик билим берүү мекемелерине таандык эмес.

Токтомду аткарууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор камсыздайт. Анын аткарылышын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгы көзөмөлдөйт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар