Тигүү тармагындагы товар жөнөтүү алдыдагы 6 айдын ичинде толук бир калыпка түшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, тигүү тармагындагы биздин ишкерлер Россияга товар жөнөтүүдө документтери жок ташып көнүп калышкандыктан кыйынчылыкка дуушар болушкан.
“Өлкөдөгү тигүү тармагы негизинен Россия менен иш алып барышат. Бирок, Россия азыр бизге кыянаттык кылыш үчүн эмес, өздөрүнүн бюджетин толтуруш үчүн өздөрүнүн чек арасын абдан бекемдеди. Бизге кирген товарлар салык төлөбөйт экен деп эле тосуп коюшту. Ал эми биздин ишкерлер документи жок ташып көнүп калышкандыктан, кыйынчылыкка дуушар болду”,- деди ал.
Бул маселени чечүү максатында минкаб төрагасы, орун басары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, натыйжада иш жолго коюлганын маалымдады.
“Биздин өкмөтүбүз, минкаб төрагасы ушул маселе боюнча байма-бай Москвага каттап, ушул маселени чечти. Маркетплейстер үчүн электрондук счет-фактураны тез арада жасап киргиздик. Азыр Ozon, Wildberries деген маркетплейстер, электрондук счет-фактуралар аркылуу иш башталды. Өткөндө тесттик режимде биринчи товарды жөнөткөнбүз, жетип кампага түштү. Азыр ушул багытта маркетплейстер иштеп, жолу табылды”,- деди Шыкмаматов.

