whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.04.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБитиреген таксисттер, титиреген жер

Битиреген таксисттер, титиреген жер

Жол азабы

28-мартта таң эрте жамгыр аралаш кар себелей баштаган экен. “Таластын таксисттери жол кирени 1500 сомго чыгарып ийгендир” деп, “посадчик” балдарга чалсак, шаардын сыртына көчкөн вокзалда Таласка кете тургандар көп, а таксилер аз болуп, биз болжолдогондой эле бааны көтөрүп койгонун айтышып: “Ош базарынын тегерегинен такси карап көргүлө, арзаныраак табылып калаар, болбосо, Киркомстройго барсаңар, ошол жерде да болуп калышы ыктымал” дешти. Такси кызматына чалсак, “жаңы вокзалга чейин 700 сом” дейт. Вокзалга чейин эле, 700 сом менен барсак, Таласка 1500 сомдон кетсек, эки эсе чыгым болуп калабыз, андан көрө Ош базарына барып көрөлү деп такси менен 300 сомго Ош базарына келдик. Таң эрте эле “Телеграммдан” “Попутка Бишкек-Таласка” тобуна катталып, “Эки киши Таласка кетебиз” деп телефон калтырганбыз. Ош базарына жеткенче экөө байланышты. Бири “Кызыл-Аскерде, Арал бильярд клубунун жанында турам. 1000 сомдон алып кетем” деди. “Канча жүргүнчүң бар?” деп сурасак, “Силер биринчи” дейт. “Ойлонуп көрөлү” дедик. Экинчи байланышка чыккандар бизге окшоп, жолго чыккандар экен, такси издеп, каякка барсак, канткенде кыйналбай кетип калабыз дешип, “Телеграммга” жазып, тааныш-билиштерине чалып, баштары ооруп жатыптыр.

Ош базарына жеткенде, тааныштардын бири Ош базарынын тегерегинде такси жок экенин айтып чалды. Жамгыр шыбыргактап жаап жатат. Эмне кылабыз деп, анча келгенден кийин деп, Кулиев, Павлов көчөлөрүн айланып, Таласка кете турган такси бар-жоктугун сурап келдик. Жок экен. Эми эмне кылабыз деп, жаңы вокзалга жөнөдүк. “Яндекс такси” 350 сомдун тегерегин сурады окшойт, 40-автобус барат экен, ошого түштүк. Кетип эле баратабыз, же жетпейбиз, жол узарып кеткендей. Бир саатка чукулдап араң жеттик окшойт. Орто жолдо Кызыл-Аскерден, “Арал” бильярд клубунан же Киркомстройдон түшүп калсакпы деген да ой келди. Бирок такси толбой же такси жок болуп калса, кар аралаш жаанда шөмтүрөп суу болбой деп жаңы вокзалга барып көрөлү деп кете бердик. Вокзалда бир “степвагон”, 3-4 жеңил машина, бир маршрутка бар экен. Түш ооп бараткан. Эрте келген жүргүнчүлөр кетип, Таласка кетчү жүргүнчүлөр сейрек тартып калыптыр. Демейде 400-500 сом менен алып кеткен маршрутка – 800 сом менен кетип жатыптыр. Ичинде жалаң кемпир-чалдар экен. “Степвагондор” 700-800 сом менен кетсе керек эле, 1000 сом дейт. Таксилер 1200 сом экен. Көздөрү жайнаган жигиттер отурат салонунда. “Байке, такси тандай турган убакыт эмес, ушуга да ыраазы болуңуз, бир-эки орунум калды, отурсаңыздар эле кеттим” деди “степвагондун” ээси.

Сыртта кар аралаш жаан шыбыргыктайт. Айтса-айтпаса төгүнбү деп сакалчан жигиттин машинасына отурдук да кете бердик. Мукай Элебаевдин бир чыгармасында бар, орус киши айры-тырмооч салынган арабага отур деди эле, айры-тырмоонун үстүндө өзүмдү мамык төшөктө отуруп кетип бараткандай сездим деп жазганы бар. Анысы кандай, пайгамбар барына шүгүр деп маршрутканын ичинде көздөрүн жалдыратып отурган аксакалдын, 70-80деги кемпир-кесектин муңайым жүздөрү элестеп кетип бара жаттык. Таң көрү…

Жер титиреди… биз титиредик…

Күндүзгү саат 16.20 чамасында Көпүрө-Базар айылына жеттик. 28-мартта 04.42де болгон жер титирөө бул айылдан 18 чакырым гана алыстыкта Казакстандын аймагында болуп, жер титирөөнүн очогунда 5,5 балл болсо, Көпүрө-Базарда 5 балл болуптур эле. Талды-Булактан ары кеткен таксиден сураган биринчи соболубуз жер титирөө болду. “Үйлөрдөн жарака кетти, бирок кулап калганы жок” дешти.

1992-жылы Токтогулдун Толугунда болгон жер титирөөдө Талас районунун Талды-Булак, Көпүрө-Базар айылдары көбүрөөк жапа тарткан. Үйлөр кулап калбаса да, дубалдары кадимкидей ачылып калып, айрым жашоого мүмкүн болбой калган үй ээлерине финн үйлөрү берилген. Талды-Булак жана Көпүрө-базар айылындагылар 25 жылдык мөөнөт менен алды 200 миң рублден арты 150 миң рублдан ссуда алышкан.

ªзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлерине ыраазычылык айтып коюу керек, таң атпай келип, айылдагы үйлөрдү үймө үй кыдырып, жер титирөөдө жабыркаган үйлөрдүн санын алып, акт түзүп кетиптир. Алгачкы маалыматтар боюнча Көпүрө-Базар айылында 17 үйдөн майда жаракалар кеткен делип маалыматтар кеткен. Биз Көпүрө-Базар айылына келгенден 30-40 мүнөт өтпөй, 28-март 16.56да экинчи жолу жер титиреди. Күрүлдөп-шарылдаган үн айылдын түндүк-чыгыш тарабынан, Казакстандын Кара-Кыштак жайлоосу тараптан келгендей болду. Жер 1-1,5 мүнөттөй солкулдап турду. Жер титирөө толкун түрүндө өткөндөй сезилди. Мурда жарака кеткен үйлөрдүн бурчтарын карасак, ошол жерлерден кайрадан топурак куюлуп, шыбактары түшүп калыптыр. Адатта, жер титирөө улам кайталана берет эмеспи. Биз Таластан кеткиче дагы бир ирет кайталанды. Кийинкисинде Таластын Кырк-Казык айылында элек, көп байкаган жокпуз. Бирок бул айылдыктар 28-марттын таңында жана күндүзү болгон жер титирөө кадимкидей билинди дешти. А Көпүрө-Базарда кандай болду, аны сураган жокпуз.

28-мартта таңкы саат 4.42 жана күндүз 16.56да болгон жер титирөөдө Талас облусунан жалпы 48 үй жабыркаганы аныкталып, акт түзүлүп, алардын 31и камсыздандырылганы белгилүү болуптур.

Учурда жер титирөөдө жабыр тарткан үй ээлерин кызыктырган нерсе компенсация төлөнөбү деген маселе экен. Тургундар өздөрү ªКМ кызматкерлерине кайрылган учурда, “Эч кандай эч нерсе төлөнбөйт-этпейт, жөн эле ызы-чуу боло бересиңерби” деп коюшуптур. “Камсыздандырылган үйлөргө компенсация төлөнүш үчүн үй сөзсүз эле кулап калыш керекпи?” дейт дагы да жер титирөө болуп кетсе эмне кылабыз деп кыжалат болгон эл.

Аттигиниң кырсыкты качан деп болбойт. Элеттик эл мамлекеттик саясатты колдоп, үйлөрүн камсыздандырып жатса, мамлекет да ушундайда элди колдоп, эл артында мамлекеттин колдоосун сезип турса, кандай жакшы болоор эле.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар