Башкы беткеМаанилүүКыргызстанда Ядролук медицина борбору түзүлөт

Кыргызстанда Ядролук медицина борбору түзүлөт

Министрлер кабинети Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында Ядролук медицина борборун түзүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда билдирди.

Министрдин айтымында, долбоор онкологиялык кызматты өнүктүрүүдөгү стратегиялык кадам болуп саналат жана аны «Росатом» корпорациясынын колдоосу менен ыкчам ишке ашыруу пландалууда. Ошондой эле индиялык өнөктөштөр менен заманбап сызыктык ылдамдаткычты жеткирүү боюнча келишимге жетишилди.

Чечейбаев онкологиялык кызматтын негизги максаты — диагностика сапатын жогорулатып, бейтаптардын жашоо көрсөткүчүн жакшыртуу экенин белгиледи.

Эл аралык конференция Улуттук борбордун 65 жылдык мааракесине арналды. Ага вице-премьер-министр Эдил Байсалов, депутат Венера Раимбачаева жана бир катар өлкөлөрдүн алдыңкы онкологдору катышты.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар